Премьер-министр Сапар Исаков тийиштүү министрликтерге жол кыймылында жаралган маселелерди чечүүнү тапшырды

Премьер-министр Сапар Исаков тийиштүү мамлекеттик кызматтарга унаа жолдорду кар күрткүлөрүнөн тазалап, жүргүнчүлөргө жол кыймылында тоскоолдуксуз шарт түзүү тапшырмасын берди. Кеңешме 11-январда унаа жолдорунда эркин жол жүрүүнү камсыздоо жана кыш мезгилинде ички байланышты түзгөн жолдорду кардан тазалоо маселесинин негизинде уюшулду.
Өкмөт башчы жакын арада күтүлгөн туруксуз аба ырайында жааган кар негизги трассалардын узак убакытка жабылышына себеп болбошу керек экенин белгилеп, өлкө жарандарына тоскоолдуктар жаралбашы керектигин белгиледи.
Кеңешмеге Кыргыз өлкөсүнүн транспорт жана жолдор министри Жамшитбек Калилов, ички иштер министри Улан Исраилов, Өзгөчө кырдаалдар министри Кубатбек Боронов сыяктуу бир катар тийиштүү министрликтердин жетекчилери катышты.
Сапар Исаков Транспорт жана жолдор министрлигине ата мекендик авиакомпаниялар менен биргеликте ички авиакаттамдарга билеттердин баасын убактылуу арзандатуу маселесинин негизинде сүйлөшүү жүргүзүү керектигин тапшырды. Мындай жеңилдиктердин аркасында жарандар алыскы региондорго авиакаттам аркылуу жеткиликтүү баада каттоо мүмкүнчүлүгүнө ээ болушмакчы.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан