Шашылыш билдирүү! 12-январдан 16-январга чейин өлкө аймагында кар калың жаап, абанын температурасы кескин төмөндөйт

12-январдан 16-январга чейин туруксуз аба ырайы сакталып турат. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы эскертет.

12-январда жана 14-16-январларда көпчүлүк аймактарда кар жаайт. Айрым райондордо кар калың түшүшү күтүлөт. Унаа жолдору тайгак жана тоңголок болуп, тоолуу аймактарда кар күрткүлөрү жаралат. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы айрым жерлерде секундасына 17-22 метрге чейин жетиши мүмкүн.

Абанын температурасы төмөндөп, Чүй, Талас өрөөндөрүндө жана Ысык-Көл ойдуңунда түнкүсүн -7…-12°, күндүз -2…-7° градуска чейин суук болот. Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын өрөөндөрүндө түнкүсүн -3…-8° суук, күндүз -3° сууктан…+2° градуска чейин жылып, тоо этектеринде түнкүсүн -9…-14°, күндүз -2…-7° градуска чейин суук болот. Ал эми Нарын облусунун дыйканчылык аймактарында жана тоолуу райондорунда түнкүсүн -18…-23°, күндүз -5…-10° градус, бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -30…-35°, күндүзү -10…-15° градуска чейин суук болушу күтүлөт.

Мындай туруксуз аба ырайы жайыттарда малды кармоону, автоунаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин кыйындатат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (9)
Nur8088
2018-01-11 20:25:07
Урааааа!
0
Kalem.kash
2018-01-11 21:03:53
Nur8088,чын эле ураааа
-4
aman0296
2018-01-12 00:06:13
Nur8088, неге ура?! Элдер ушуп, уйу жылыбай жатат. Суйуносун анан
0
-Sumitra-
2018-01-11 22:00:51
Кудай сактасын!Кыштан аман-эсен чыгалы.
+5
Kanzada97
2018-01-12 00:44:58
Ии Кудай деги аман-эсен бололучу
+1
adi_ko.kg
2018-01-12 01:53:09
Кыштын кыштай болгону жакшы
+3
Muratmipa
2018-01-12 09:14:31
Лейлекте кун 100% ачык эч кандай кар жок
-1
Parish
2018-01-12 11:08:07
Башка жакты билбейм Чаткалда бир эле кундо кар тынбай жааса нормасынан ашырып таштайт.Кудай сактасын.
0
NeRiNa
2018-01-12 13:36:12
Жакшы жанылык, бирок уй жайы жок, киерге кийими, чокою жоктор кыйналат. Кар жаабаса жайда эгиндерге суу тартыштыгы жаралат. Бироого зар,бироого кор...дегендей эле соз да.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан