Бишкекте тескери караган жарык мамычасы жол кырсыгынан улам жолду эмес, артты карап калган. Бул тууралуу Бишкек мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.
Жолго эмес, тескери багытка караган жарык мамычасы Көк-Жар кичи районунда коюлган.
"Бишкек шаарынын мэриясынын "Бишкек свет муниципалдык ишканасынын" билдирүүсү боюнча, жарыктын мамычасы орнотулгандан кийин ал жерде жол кырсыгы катталып, мамыча тескери жакты карап калган. Учурда мамыча өз акыбалына келтирилип туура багытты каратылып иштеп жатат", - деп билдирди мэриянын басма сөз кызматы.
Эске салсак, Бишкек шаарынын Көк-Жар кичи районунда жолго жарык берүүчү чырактын мамычасы тескери жакты карап тургандыгын Улан Сманов аттуу колдонуучу жеке баракчасына жазып, сүрөтүн илген.