2018-жылдын 15-январынан тарта айдоочулук күбөлүктү алуу үчүн жаңы автоматташтырылган электрондук тестирлөө ишке киргизилет. Бул тууралуу Мамлекеттик каттоо кызматынын коомчулук менен байланыш бөлүмүнүн адиси Дамира Азимбаева SUPER.KG порталына билдирди.
Маалыматка ылайык, авто мектепти бүтүп келген болочоктогу айдоочулар экзамен тапшырардын алдында биометрикалык идентификациядан өтүшөт. Ал бир адамдын ордуна башка эле бирөө барып экзамен тапшыруусун алдын алат.
"Болочоктогу айдоочу тестирлөөдөн өтүү үчүн алгач веб-камера аркылуу бет түзүлүшүнүн негизинде идентификациядан өтүшүп, автоматташтырылган режимде жарандын паспортундагы сүрөтү менен салыштыруу жүргүзүлөт. Эгер дал келбей калса тестирлөө токтотулуп, экзамендин жыйынтыгы жокко чыгарылат да, айдоочулук күбөлүк берилбейт", - дейт Азимбаева.
Белгилей кетсек, биометрикалык идентификация жол коопсуздугундагы реформалардын алкагында жол кыймылынын эрежелери боюнча теоретикалык экзамен алуу процессин жакшыртуу үчүн иштелип чыккан.