Түркияда машыгып жаткандарды терезеден суктана караган толук дене түзүлүштөгү балага машыгуучу жайдын ээси өмүр бою бекер машыгууга уруксат берди. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, мындай кадамга Түркиянын Адыяман аймагындагы машыгуучу жайлардын биринин ээси 12 жаштагы сириялык качкын Мухаммед Кхалед анын машыгуучу жайын телмире карап турган сүрөтүн көргөндөн кийин барган. Машыгып жаткан адамдарды суктана карап турган Мухаммед Кхаледди кимдир бирөө сүрөткө тартып алып социалдык тармакка жүктөгөн. Анын бул сүрөтү социалдык тармактарына бат тарап коомчулук тарабынан катуу талкууга алынган. Кийин аталган жайдын ээси аны таап, ага өмүр бою акысыз машыгууга уруксат берген.
Ошондой эле аталган маалыматта Мухаммед Кхаледдин акча төлөп машыгууга шарты жоктугу, көчөдө адамдардын бут кийимин тазалап жан бага тургандыгы айтылат.