Жалал-Абаддан 20 күн мурун "Бишкекке барам" деп чыгып кеткен боюнча дайынсыз болуп жаткан жаран изделүүдө

Жалал-Абад облусуна караштуу Ноокен районунун 37 жаштагы тургуну Азамат Алибаев 22-декабрдан бери дайынсыз болуп изделүүдө. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, 1981-жылы туулган Азамат Алибаев 2017-жылдын 22-декабрында болжол менен саат 12:00дөр чамасында Ноокен районунун Кочкор-Ата шаарынан “Бишкек шаарына кеттим” деп чыгып кеткен бойдон дайынсыз болуп жатат.

"Боюнун узундугу 165-170 сантиметр, өңү кара тору, көзү кара, чачы кара, орто дене түзүлүштө. Ошол күнү кара түстөгү кышкы күрмө, кызыл түстөгү жемпир, башында кара түстөгү кышкы шапка, кара түстөгү шым жана бутуна кара түстөгү бут кийим кийип жүргөн. Аны көргөн-билгендер болсо төмөнкү байланыш телефондоруна 03734 5-05-44, 0772 02-10-69, 102 номурларына кабарлап коюуларын өтүнөбүз", - деп айтылат ИИМдин маалыматында.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан