Бүгүн, 12-январда Жогорку Кеңештин "Кыргызстан" фракциясы жол коопсуздугун камсыздоо жана жол кырсыктарын алдын алуу боюнча маселени карайт.
Баяндаманы ички иштер министри Улан Исраилов, билим берүү жана илим министри Гүлмира Кудайбердиева, Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо боюнча башкы башкармалыгынын башчысы Канат Жумагазиев жасайт.
Мындан тышкары жыйында айлана-чөйрөнү чыгуучу газдар менен булгануусунун деңгээлин төмөндөтүү жөнүндө маселе каралат.