“Республикада айдоочулук күбөлүк алуудагы экзаменге катышкандардын жарымы гана сынактан өттү” деди Канат Жумагазиев

2017-жылдын декабрь айынан баштап 2018-жылдын 8-январына чейин республикада айдоочулук күбөлүккө ээ болуу үчүн сынакка 7 миң 628 жаран катышкан. Бул тууралуу бүгүн, 12-январда Жогорку Кеңештин "Кыргызстан" фракциясынын жыйынында Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо боюнча башкы башкармалыгынын башчысы Канат Жумагазиев билдирди.

Анын айтымында, 3 701 жаран гана сынактан өттү. "Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо боюнча башкы башкармалыгы Мамлекеттик каттоо кызматы менен биргеликте айдоочулук күбөлүк берүү сынагына катышууда. Бишкек шаарында 1 миң 314 талапкер экзаменге катышкан. Анын ичинен 828 адам сынактан өткөн эмес", - деди Жумагазиев.

Мындан тышкары ал бүгүнкү күндө аталган башкармалыктын ишмердүүлүгүн жакшыртуу үчүн 169 штаттык орун ачылганын айтты. "Учурда республика боюнча башкармалыкта 33 орун бош турат. Жакында сынак жарыяланат. Жол коопсуздугу боюнча Жогорку Кеңеште көтөрүлүп жаткан маселелер боюнча иш алып барып жатабыз", - дейт ал.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
kechirmeni
2018-01-12 11:01:37
Жарымы оз кучу менен жарымы акча менен алды ала албай калгандар болгон жок дебептир да
+2
RusMos76
2018-01-12 11:37:43
Жарымы акча менен калганы акчасы жоктор десе болот.
0
u.n.m
2018-01-12 18:42:40
Жол эрежесин көзөмөлдөө кызматкерлеринин билимин жогорулаткыла андан көрө. Граммотность, этикет дегендерди дагы окутсаңар жакшы болот эле. Кызматкерлерди карап туруп жиниң келет жөнөкөй гана айдоочуга кайрылганды билишпейт. Устав боюнча иш алып барганды билишпейт.
0
roklait
2018-01-13 00:06:09
Жарымына жетпей калдыго экзаменден өткөндөрү
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан