"Кыргызстан" фракциясынан депутат Алмазбек Эргешов өкмөт өкүлүнөн оң рулдуу таксилерге тыюу салуу демилгеси эмне үчүн артка кайтарылганын сурады. Бул тууралуу ал бүгүн, 12-январда аталган фракциянын жыйынында билдирди.
"Жол кырсыгына күнөөлүүлөрдүн көпчүлүгү оң рулдуу унаалар болуп жатат. Эмне үчүн оң рулдуу таксилерге тыюу салуу демилгеси артка кайтарылды. Шаар ичинде тыюу салбасак дагы, чоң унаа жолдорунда тыюу салуу зарыл", - деди эл өкүлү.
Ички иштер министринин орун басары Алмазбек Орозалиев билдиргендей, көпчүлүк жол кырсыгы Бишкек-Ош унаа жолунда катталган. "Жол кырсыгына катышкан автоунаалардын 90 пайызы оң рулдуу унаалар болгон", - деди Орозалиев.
Өкмөттүн өкүлү оң рулдуу таксилерге тыюу салууну артка кайтаруу маселеси боюнча жумуш жүрүп жатканын айтты.
Эске салсак, 2018-жылдын башында ИИМ оң рулдуу автоунаалар менен жүргүнчү ташууга тыюу салган мыйзам долбоорун артка кайтарган.