Бүгүн, 12-январда Жогорку Кеңештин "Кыргызстан" фракциясынын жыйынында жол коопсуздугун камсыздоо жана жол кырсыктарын алдын алуу боюнча көрүлүп жаткан иш-чаралар жөнүндө каралып жатат.
Анда депутат Алмазбек Эргешов спирт ичимдигин ичкен айдоочулар канча айып пул төлөй турганын сурады. Министрдин орун басары Алмазбек Орозалиевдин айтымында, спирт ичимдигин ичкен айдоочуга сот аркылуу 10 миң сом айып пул салынат.
Депутат жеринен канча айып пул төлөнө турганын сураганда жыйынга катышып жаткандар күлүштү. Министрдин орун басары жеринен бүтпөйт деген пикирин айтты.
Депутат спирт ичимдигин ичкен айдоочуларга карата айып пулдун төлөмүн жогорулатууну сунуштады.