Бүгүн, 12-январь. Күн ичинде болгон окуяларга саресеп салабыз.
Кыргыз жеринде "Акылдуу шаар" долбоорун Кытайдын "Huawei" компаниясы ишке ашырат. Тийиштүү келишимге 11-январда Бишкекте кол коюлду. Жол кырсыктарын, жалпы кылмыштуулукту азайтууну көздөгөн ири долбоорду ишке ашырууга 60 миллион доллар жумшалат. "Акылдуу шаар" - 2012-жылы убадаланып, ишке ашпай келе жаткан "Коопсуз шаар" долбоорунун жаӊы аталышы.
"Коопсуз шаар" долбоорун Кыргыз өлкөсү 6 жылдан бери ишке ашыра албай жатат. Бул арада 5 жолу премьер-министр,1 жолу парламент, 1 жолу президент алмашты. Долбоор боюнча 2 жолу тендер өтүп, экөөсү теӊ мыйзамсыз өттү деп жыйынтыгы жокко чыгарылган. Мисалы, 2015-жылы "Коопсуз шаарды" ишке ашыруу укугун жергиликтүү "Стилсофт Бишкек" ишканасы утуп алган. Бирок ал кездеги ички иштер министри Мелис Турганбаев компания шектүү экенин, тендерде мыйзам бузууларга жол берилгенин айтып, келишимге кол коюудан баш тарткан. Турганбаев: "Бул долбоор боюнча тендер өткөрүүнүн деле кереги жок, бюджеттен акча бөлүнсө ИИМ өзү ишке ашыра турган долбоор", - деп тендерде жеке кызыкчылыктар роль ойноп жатканын айтып чыккан. Соттук териштирүүлөр 2017-жылы гана бүтүп, жаӊы аракет башталды.
"Huawei" тендерсиз тандалып, Кыргыз өкмөтү менен түз инвестициялык келишим түздү.
"Акылдуу шаардын" алкагында Бишкек жана Ош шаарларына, Бишкек-Ош, Бишкек-Чолпон-Ата трассаларына, Бишкек - "Манас" аэропорту жолуна видеокамералар орнотулат. Бул иштерге жумшалчу 60 миллион долларды Кыргыз тарап кытайлык компанияга 5 жыл ичинде, жол эрежесин бузуудан түшкөн акчанын эсебинен төлөп бермекчи. Долбоорду 1,5 жылда аягына чыгаруу күтүлүүдө. 2017-жылдын 11 айында өлкөдө 5852 жол кырсыгы катталып, андан 820 адам каза тапкан. Булардын 94ү балдар. Жаӊы долбоордун артыкчылыгы - МАИ кызматкери менен айдоочунун ортосундагы түз байланыш жоюлат, эреже бузган айдоочу азыркыдай МАИ кызматкерине пара сунуштап жазадан кутулуп кете албайт. Анткени көчөгө орнотулган фото-видеокамералар айдоочунун кызматтык статусуна, акчасына, тааныш-билишине карабайт...
Ысык-Көлдө 30 жаштагы тургунду 5-кабаттан ыргытабыз деп коркутууга
шектелип 2 адам кармалды. Милициянын маалыматына таянсак, кылмышка шектүүлөр 8-январь түнү жергиликтүү тургунду уурдап кетишип, Чолпон-Атада кароосуз калган эски имаратка алып барып кыйнашкан. Алар баӊгизатка байланышкан оор кылмышты милицияга айтып койгонсуӊ дешип, аны 5-кабаттан ыргытып жиберерин айтып коркутушкан. Тергөөдө шектүүлөр буга чейин да кылмышка шектелип кармалып, кайра үй камагына коё берилгени белгилүү болду. Өкүнүчтүүсү, соттордун "гумандуулугу", кылмышка шектүүлөрдүн татыктуу жазаланбай жатышы минтип башка бирөөлөрдүн өмүрүнө, коомго коркунуч жаратууда.
Өткөн аптада Ысык-Көлдө 1 кафе күйүп кеткен. Кафенин ээси "кылмыш дүйнөсүнүн өкүлдөрүнүн үстүнөн милицияга арыздангам. Шектүүлөр кармалып, көп өтпөй эркиндикке чыгып кетишти, кафени ошолор өрттөдү" деп шектенүүдө. Бул окуялар аймактарда кылмыштуулук күч экенин көрсөтүүдө. Ысык-Көл туристтик аймак, кышы-жайы турист үзүлбөйт. Ал эми ири суммадагы акчалар айланган аймакта уюшкан кылмыштуу топтордун аты көп аталат. Уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү зарылдыгын Жогорку Кеӊештин депутаттары айтып чыгышты. Уюшкан кылмыштуу топтор Кыргыз мамлекети эмнеге жөндөмдүү экенин, анын ал-күчүн байкап жатышкандай таасир калтырат. Жогорудагы окуялар өлкөнүн ички, тышкы коопсуздугун караган органдар кескин чараларды көрүп, абалды өзгөртүшү керектигин көрсөтүүдө...
АКШнын Мамлекеттик департаменти америкалык туристтер үчүн дүйнөдөгү эӊ коопсуз жана кооптуу өлкөлөрдүн жаӊыланган тизмесин жарыялады. Теракт, баш аламандыктар болушу мүмкүндүгү эске алынып АКШ бийлиги өлкөлөрдү 4 топко бөлгөн.
1-топко америкалыктар чочулабай барса боло турган өлкөлөр кирди, тизмеде Аргентина, Греция, Кыргыз мамлекети, Казакстан, Өзбекстан, Тажикстан жана башкалар бар. АКШ бийлигинин көз карашы боюнча, 2-топтогу өлкөлөргө барчу америкалыктар этият болушу керек. Бул топко Бельгия, Бразилия, Улуу Британия өӊдүү өлкөлөр кирди. 3-топто АКШ жарандарына "жакшылап ойлонуп көрүүнү" сунуштаган өлкөлөр. Тизмеде Орусия, Түркия, Пакистан өӊдүү мамлекеттер бар. Ал эми АКШ өз жарандарына саякатка барууну сунуштабай турган 4-топтогу өлкөлөр: Ооганстан, Ирак, Түндүк Корея, Сирия жана башкалар. Демократиянын, бизнеске шарт түзүүнүн, коррупциянын абалы боюнча эл аралык уюмдардын изилдөөсүндө рейтинги начарлап бараткан Кыргыз мамлекети үчүн Мамдепартаменттин жогорудагы тандоосу оӊдой берди болду...