АКШнын мамлекеттик департаменти Кыргыз өлкөсүн саякаттоо үчүн коопсуз өлкөлөрдүн катарына киргизди. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Департамент америкалык жарандар үчүн саякаттоого коопсуз өлкөлөрдүн тизмесин 4 топко бөлгөн. Биринчи топко жөнөкөй эрежелерди сактоо менен саякаттап келүүгө эң коопсуз делген өлкөлөр кирген. Бул тизмеге Кыргыз өлкөсү, Казакстан, Тажикстан, Түркмөнстан, Өзбекстан, Чыгыш Европанын өлкөлөрү, Скандинавия өлкөлөрү кошулган.
Экинчи топко, ал өлкөлөргө барууда жогорку этияттык керек болгон мамлекеттер тизмектелген. Бул топко Украина, Франция, Британия, Испания жана башка Батыш Европа өлкөлөрү кирген.
Орусия болсо үчүнчү топтогу мамлекеттердин катарын толуктаган. Бул өлкөлөргө саякаттоону чечкен жарандарга мамлекеттик департамент чечимин кайрадан карап чыгуусун сунуштаган. Алардын билдирүүсү боюнча ал жерлерде терроризм жана агрессия күч алган. Аталган топко Орусиядан сырткары Түркия, Пакистан, Нигерия, Чад өлкөлөрү кирген.
Ал эми төртүнчү топко саякаттап баруу адамдын өмүрүнө коркунуч туудурган өлкө деп эсептелген мамлекеттер кирген. Алар: Сирия, Йемен, Иран, Ирак, Афганистан, Кытай, Ливия, Мали Сомали, Судан.