Бүгүн, 12-январда Жогорку Кеңештин "Кыргызстан" фракциясынын жыйынында жол коопсуздугун камсыздоо жана жол кырсыктарын алдын алуу боюнча көрүлүп жаткан иш-чаралар жөнүндө каралып жатат.
Депутат Нурланбек Макеевдин айтымында, Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо боюнча башкы башкармалыгынын кызматкерлери бир автоунааны токтотуп, дары-дармек салуучу кутучасын жана өрт өчүрүүчү жабдыктарын текшерген. "Мындай жабдыктар, ички иштер министринин орун басары, өзүңүздө барбы? Өзүңөрдө жок туруп, башкаларды кантип текшересиңер?" - деди депутат.
Ички иштер министринин орун басары Алмазбек Орозалиев кызматтык автоунаасында аталган жабдыктар бар же жоктугун билбей турганын айтты.
Эл өкүлү министрдин орун басарына тартипти биринчи алар сакташы керектигин билдирди.