Депутат айдоочулук тажрыйбасы аз жарандар кичи автобус айдап жатканына нааразы болду

Бүгүн, 12-январда жол коопсуздугу боюнча "Кыргызстан" фракциясынын жыйыны өтүүдө. Анда депутат Нурланбек Макеев 18-19 жаштагы жарандар кичи автобус айдап жатканына нааразы болду.

"18-19 жаштагы балдар кичи автобус айдап жүрүшөт. Алар 30-40 адамды ташып жатат. Кичи автобус айдаганга 4 жылдык айдоочулук тажрыйба жетишсиз. Мурда 10 жылдык тажрыйба болуу зарыл эле. Ошол тартипке келишибиз керек. Мен 28 жылдан бери автоунаа айдап жүрөм. Бирок кичи автобус айдагандан азыркыга чейин корком", - деди депутат.

Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо боюнча башкы башкармалыгынын башчысы Канат Жумагазиев бул маселе эске алына турганын билдирди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Mers124
2018-01-12 13:53:39
Элдин баарын өзүндөй ойлобош керек. Кээ бирөө кырк жыл айдагандан да жакшы айдайт. Кээ бирөө 28 жылдан бери машина айдаса да маршрутка айдай албайт
.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан