Чыңгыз Айтматовдун уулу: "Шекер айылына атамдын эстелиги, Дүйшөндүн мектеби жана башка объектилер салынат"

“Атабыздын 90 жылдыгына карата Шекер айылында анын эстелиги, Дүйшөндүн мектеби жана башка объектилер салынат”, - деди улуу жазуучунун уулу Аскар Айтматов.

Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдыгын белгилөө иш-чарасы бүгүн, 12-январда Талас облусунун Шекер айылында өтүп жатат. Ага премьер-министр баштаган бир катар министрлер катышууда.

“Шекер айылында чоң бир мемориалдык комплекс курулат. Дүйшөндүн мектеби, чоң кеңешме залы, Айтматовдун эстелиги жана башка объектилер салынат. Учурда ушул долбоордун каржылоо жагын ойлонуп жатабыз. Шекер айылы абдан тарыхый жер. Анткени атабыздын жазган китептеринин бир нечеси Шекерге, ушул табиятка байланыштуу. “Чыңгыз Ордонун” курулушунун убагы келди”, - дейт Аскар Айтматов.

Белгилүү болгондой, быйыл Шекер айылында Айтматовдун урматына 20 гектар жерге “Чыңгыз Ордо” комплексинин курулушу башталат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан