"Кыргызстан" фракциясынын лидери Алмазбек Баатырбеков автоунаа жуучу жайлар Бишкек шаарынын четинде болушу керектигин айтты. Бул тууралуу ал бүгүн, 12-январда аталган фракциясынын жыйынында билдирди.
"Бишкек шаары башка аймактарга караганда жашоого кымбат болушу зарыл. Шаарга кирип келе жаткандар сөзсүз түрдө автоунаасын жуудуртуп кириши керек. Бул маселе каралып жатабы?" - деп сурады депутат.
Өкмөткө караштуу курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарба агенттигинин директору Абдыкалык Рустамов бул боюнча сүйлөшүүлөр болгонун айтып, бирок алар көзөмөл кыла албай турганын билдирди.
Эл өкүлү бул сунушту киргизүү керектигин белгиледи.
Жыйында айлана-чөйрөнү чыгуучу газдар менен булгануусунун деңгээлин төмөндөтүү жөнүндө маселе каралды.