Биз социалдык тармакта

Бишкекте 1,5 айдан бери изделип жаткан 63 жаштагы Имаралы Кушматов дале табыла элек

Бишкекте 1,5 айдан бери изделип жаткан 63 жаштагы Имаралы Кушматов дале табыла элек. Бул тууралуу бүгүн, 12-январда изделип жаткан жарандын туугандары SUPER.KG порталына билдиришти.

Маалыматка караганда, 63 жаштагы Имаралы Кушматов 2017-жылдын 24-ноябрында Кызыл-Аскердеги үйүнөн чыгып кеткен боюнча кайтып келген эмес.

"Имаралы Кушматовдун эс-тутуму начар, жакшы сүйлөй албайт. Айрымдар эл көп топтолгон жерлерде кайыр сурап жүрөт деп жатышат. Бирок биз таппай жатабыз. Көргөн-билгендер бизге кабарлап койсоңуздар", - деп билдиришти жакындары.

Изделип жаткан жарандын белгилери: бою болжол менен 170-175 сантиметр, орто дене түзүлүштө, чачы, көзү кара, кыска сакалы бар.

Көргөн-билгендер болсо, Биринчи Май РИИБинин 0 (312) 56-82-60; 0 (555) 10-24-97; 0 (555) 10-21-99; 0 (707) 65-45-55 номерлерине же "102" кыска номерине кабарлап коюуну суранат.



РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан