Бүгүн, 12-январда кызды бети менен жерге көтөрүп чапкан "борчик" бала табылганын Ички иштер министрлиги кабарлады. Белгилүү болгондой, окуя Талас шаарындагы Чыңгыз Айтматов атындагы аллеяда катталган.
"Кармалган бала Талас шаарынын 17 жаштагы тургуну. Ал эми кыз 16 жашта экени аныкталган. Алар орто билим берүүчү жайлардын биринде чогуу окушат. Видеону алар менен чогуу окуган балдар тартышкан. Кыз жабыркаган эмес, эч кимге доосу жок. Милиция видеодогу балдардын ата-энелерин чакыртып түшүндүрүү иштерин жүргүзгөн. Тиешелүү административдик протоколдор түзүлдү. Ошондой эле топтолгон материалдар балдар иши боюнча комиссияга жөнөтүлгөн. Видеонун каарманы өспүрүмдөр менен иштөө инспекциясынын каттоосуна алынды", - деп айтылат маалыматта.
Белгилей кетсек, буга чейин кызды бети менен жерге көтөрүп чапкан баланын видеосу интернетке жарыяланып, колдонуучулар тарабынан катуу сынга кабылган.