Өлкөдө былтыр жол кырсыгы 2016-жылга салыштырмалуу 8,4 пайызга көп болгон

Өлкөдө былтыр жол кырсыгы 2016-жылга салыштырмалуу 8,4 пайызга көп болгон. Бул тууралуу бүгүн, 12-январда Жогорку Кеңештин "Кыргызстан" фракциясынын жыйынында Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо боюнча башкы башкармалыгынын башчысы Канат Жумагазиев билдирди.

Анын айтымында, 2017-жылы 6 346 жол кырсыгы катталган.

"Жол кырсыгынын кесепетинен каза болгондордун саны 2016-жылга салыштырмалуу 3,3 пайызга азайган. Ал эми жаракат алгандардын саны 7,6 пайызга көбөйгөн. 36,1 пайыз автоунаалар кагышып, 8,6 пайыз автоунаалар оодарылып кеткен. Ал эми 43 пайыз автоунаа жөө жүргүнчүлөрдү сүзсө, 6,5 пайыз автоунаа тосмолорду жана бак-дарактарды сүзгөн. 1,2 пайыз унаа болсо токтоп турган унааларды сүзгөн", - деди ал.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Baatirbek81
2018-01-12 21:16:48
Лётчиктер көбөйүп жататда жылдан жылыга.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан