Талас облусунун Манас районундагы Май айылында Шабданбек Кочкорбаев атындагы жаңы мектеп ачылды. 320 орундуу орто мектептин ачылышына өкмөт башчы Сапар Исаков, билим берүү жана илим министри Гүлмира Кудайбердиева катышты.
"Бул мектептин ачылышы өлкөнүн өнүгүшүнүн белгиси. Өлкөнүн башка аймактарында да жаңы мектептер курулууда. Мен бул жакка келе жатып жаңы мектепке эмне жетишпей жатканына кызыгып сурадым. Жетекчилер спорт залдын жоктугун айтышты. Аны курабыз. Келе жатып 16 компьютер, 4 сыналгы, 2 проектор алып келдим", - деп айылдыктарды кубантты Исаков.
Айыл тургуну Нургүл Досалиева мектептин ачылышы балдардын келечегинин жаркын болушуна чоң үмүт жаратканын билдирди.
"Биздин балдарыбыз 200 орундуу мектепте 3 нөөмөт менен окушчу. Эми бардык шарты бар жаңы мектепте окуучулар эки нөөмөт менен окушат. Биз балдарыбыз менен кубанып турабыз", - деди ал.
Белгилей кетсек, 40 жыл мурун салынган 200 орундуу мектепке окуучулар батпай жаңы окуу имаратын куруу зарылдыгы жаралган. Учурда мектепте 670 окуучу билим алат.