Жогорку Кеңештин депутаты Зарылбек Рысалиев Чыңгыз Айтматовдун атын Бишкектеги райондордун бирине ыйгарууну сунуш кылды. Мындай сунушун ал бүгүн, 12-январда Талас облусунун Шекер айылында улуу жазуучунун 90 жылдыгын белгилөө иш-чарасында айтты.
Иш-чарага премьер-министр Сапар Исаков баштаган бир нече өкмөт мүчөлөрү, Жогорку Кеңештин депутаттары катышууда.
“Бишкектеги Биринчи Май районунун атына Айтматовдун атын берсек, анын чыгымдарын Талас эли өз моюнубузга алсак кандай дейсиздер? Бир күндүк айлыктарыбызды берели. Кара-Буура районунда Кызыл-Адыр деген айыл бар. Калкы 15 миңден ашуун экен. Ушул айылды Чыңгыз Айтматов атындагы шаар деп атоо маселесин карайлы. Айтматов өз эмгеги менен кыргыз элин дүйнөгө тааныткан адам”, - деди Рысалиев.