SUPER.KG порталынын "Суперстан" бөлүмүндө "Подкаблучниктер" кайдан пайда болот?" деген тема талкууга алынган.
Темадагы билдирүүлөрдөн:
"1. Үйдө ата-энесинин мамилесинен алган үлгүдөн
2. Өзүнө ишенбегендиктен
3. Дээринде өз демилгеси жоктугунан
4. Эрки алсыз болгондуктан".
"Така алдындагы эркек" деп бир нерсени айтмайынча жасабаган, аялынын сөзүн эмес, "каприздерин" да каршылыгы жок аткарган, өз пикири жок, өзүнө ишенбеген, аялынын артына калкаланган эркекти түшүнөм".
"Биринчиден "подкаблучниктер" келинчегинин акылсыздыгынан келип чыгат. Себеби алар жолдошунун жооштугун байкап калып ажылдап, кулагынын кужурун алып, бийликти өз колуна алып алышат. Мына ошондон чүнчүп "така алдына түшүп" алышат. Балким, жолдошу бош, жашоого тың эмес. Ошентсе да "така алдына салып" алгандын ордуна жолдошунун оюн уга билүү, пикирин сыйлай билүү, кандай учур болбосун көтөрмөлөй билүү айымдардын милдети".
"Ар кимдин шарты ар кандай да. Жигит менен кыз сүйүшүп, жакшынакай жашоо кургулары келет. Жигиттин колунда жок, бирок кызды сүйөт. Ал эми кыздын ата-энесинин байлыгы ашып-ташып жатса кызын сары суу ичирип үйүндө тынч отура алышпаса керек. Жаш үй-бүлөгө кыздын атасы машина, үй алып берип койсо анын эмнеси жаман?! Же тескерисинче күйөө бала кайындарына кызматын өтөп койсо андан эч нерсе болбойт, анткени алар жат адам эмес".
Талкууга кошулгуңуз келсе, бул жакка кириңиз.