Бишкек-Ош жолундагы тыгынды алдын алуу үчүн эки аскер техникасы бөлүндү

Коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитети жана Куралдуу күчтөрдүн жөө аскерлер бирикмеси Өзгөчө кырдаалдар министрлигине жардам берүү максатында эки аскер техникасын бөлүп берди. Бул тууралуу аталган министрликтин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, көп функциялуу аскердик танк жолго туруп калган унааларды алуу, атайын жүктөрдү жана куткаруучуларды жеткирүү жумуштарына колдонулат. Аскер техникасынын экипажы өзгөчө буйрук берилгенге чейин ӨКМнын адистеринин тапшырмаларын аткарып турат.

"Алардын бири Чүй облусу жакта болсо, экинчиси Жалал-Абад облусу тарапта болот. Аскер техникасы жол тыгынын алдын алууда колдонулат", - деп билдиришти ӨКМдан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
Nibiru.
2018-01-12 19:25:24
Анын устуно атамдын заманындагы техника экен,озу от алса дей бер.
+1
mederkg
2018-01-12 20:55:07
Охоо бул кайсы жылы чыккан техника.тыгынды тазалабай эле тыгын жаратат го бузук болсо керек азыр ушу турушунда деле
+1
kechirmeni
2018-01-13 14:26:47
Бул Чуйдон же Жалалабаттан тыгын болгон жерге жеткиче коп убакыт кетет го. Бироону Тоо Ашууга коюш керекпи дейм да
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан