Мамлекеттик ишмер Медеткан Шеримкулов доо арыздар боюнча президентке кайрылды

Мамлекеттик ишмер Медеткан Шеримкулов басма сөз эркиндиги боюнча өтүп жаткан талкууда экс-президент Алмазбек Атамбаев менен президент Сооронбай Жээнбековго кайрылды. Мамлекеттик ишмер аларды соттор аркылуу ЖМК жана айрым адамдарга карата айып төлөтүүнү артка кайтарууга чакырды.

"Кабай Карабеков, Нарын Айып, Чолпон Жакуповага жана ЖМКларга бир канча миллион акча айып салынды. Алар акчаны төлөй алышпайт. Ошондуктан Атамбаев менен Жээнбековду доо арыздарын артка кайтарууга чакырам", - деди Шеримкулов.

Ал эми экс-депутат Зайнидин Курманов соттордун чечимдери боюнча айып төлөөчүлөрдү мамлекеттик эмес уюмдарга кайрылууга чакырды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
Ali-han
2018-01-12 18:51:17
Атамбаев пиезидент болуп калганбы?
-4
nurbekasr
2018-01-12 20:13:31
Медеткан Шеримкулов аксакал,Атамбайып кетсе деле ошого кайрылуу жасай бересинби?же Сокенин үстүнөн башкарып жатат деп ойлойсузбу.Кайрылуу жасагыңыз келсе Сокеге кайрылың беркинин атын атабай.
0
Tolkun555
2018-01-13 09:21:38
nurbekasr,(Атамбаев журналисттерден ала турган миллиондорунду кечип кой)деген мааниде жазылган кат
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан