Жаңы шайланган президенттердин ант берүү аземин Манас атанын күмбөзүндө өткөрүү сунушталды

Депутат Зарылбек Рысалиев шайланган президенттер "Манас Ордодо" ант берүүсү керектигин айтты. Эл өкүлү мындай пикирин Талас облусунун Кара-Буура районунда бүгүн, 12-январда Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдыгына арналган иш-чарада эл алдында сүйлөп жатып билдирди.

“Манас атанын осуяттары бүгүнкү күндө да актуалдуу. Мен ойлой берем, жаңы президенттер шайланганда биринчи жумушка киришүү аземин ушул "Манас Ордодон" баштаса. Жаңы ажо күмбөзгө чейин 1 чакырымга жакын жөө басып, ал жеткиче эки жактан Манас айтылып турушу керек. Дүңгүрөп добулбас кагылса. Ошондо президентте эмне деген таасир калмак. Манас атанын күчү ушул жерде жатпайбы, туугандар. Биз ошону колдоно албай жатабыз.

Ошол жерден Куран окуп, зыярат кылып туруп, кырк чоро турган эстеликке келип, Конституцияны колуна алып ант берсе. Ушул жерден туруп "антымды бузсам Манас атанын арбагы урсун” десе. Мен анализ кылдым, ал үчүн эмне керек? Ар жактан коноктор келет аларды жакшы жерге жайгаштырыш керек. Мейманкана маселеси бар. Мамлекеттен тыйын бөлүнсө же гранттар келсе 4-5 кабаттуу жакшы шарты менен номурлары жакшы мейманкана курсак, келген коноктор жайгашмак”, - деди Рысалиев.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (34)
maks1980bishkek
2018-01-12 21:08:53
ал сиздин кыялыңыздагы жомооок
+26
Sagyn.91
2018-01-13 00:40:21
Эч бир тарыхта, Деги эле кыргыз урпактарынын, ата-тегинде Манас тууралуу эч бир булактарда жазылып келген эмес. Бул кыргыздын адабий чыгармасы...

Элдин кыжырын келтирип.Ар кандай болбогон нерселерди которушуп.Эсинер барда этегинерди жыйгыла. Силерге окшогондордун ордун кыргыздын келечеги учун куйгон жаштарга бериш керек!

+3
fantomas
2018-01-13 01:00:51
Sagyn.91, биринчиден Манас адабий чыгарма эмес... Бирок Манас эпосу, анын эл-журт учун зор маанисин сага канча айткан менен сага жетпейт, дээринде болбосо...

Ал эми клоун президенттердин ант беруу аземи деп кумбозду булгоонорго каршымын!!!
+5
almaz90
2018-01-12 21:17:15
Куйгузушот да каяктагы жаш балдардын кыялын айтып,Аны койуп башка бир чон чон сунуштарды киргизгилечи проблемаларды чечип..!
+29
General.kg
2018-01-12 21:18:22
Арбак дин боюнча таасир эте албайт дешеткоо((
+16
MUHLISA
2018-01-12 22:35:24
General.kg,арбак өзү бул жактагы адамдардын куран окуусуна муктаж.
+14
vavilon.
2018-01-12 21:26:50
Манастын арбагы да жок, озу да жок, и болбогон дагы. Ал тарыхый инсан эмес адабий эпос. Манастын осуяттары кече жакында пайда болгон 1990чу жылдары. Ал эми Таластагы кумбозду ишенбесенер барып казып коргуло ал жерде эч кандай Манастын соогу жок. Жок нерсеге куран окуп жок нерседен колдоо кутуп, сырттан карасан кулкун гана келет.
+36
Ajar-2
2018-01-13 01:38:34
vavilon.,жалпы кыргыз эли Манасты аздектеп,ушул кунго чейин ыйык тутуп келет.Аябай эле асылып калыптырсыз,сиз кыргыздашып калган калмак эмессизби?Кайдан чыккан эмесиз?Абайлаңыз,айкөлдүн арбагы уруп кетпесин.
-4
vavilon.
2018-01-13 09:52:55
Ajar-2, Мен Барсбек каган, жана башка чыныгы болгон баатырлардын баарына ишенем. Анткени алар бизде гана эмес Кытай тарыхында да жазылып калгандар. Ал эми 17кылымда калмактардын чапкынында пайда болгон Манас эпосун тарыхка кошпойм. Тарыхты окубаган адамдар Манаска ишенет. Андай экен Эр Тоштук жомогуна да ишенип тарыхка кошуп алгыла.
+3
Ajar-2
2018-01-13 17:16:53
vavilon.,сиз "Манас болгон эмес,жок" деп окончат."корутундуну" эмненин негизинде чыгардыңыз,сиз тарыхчысызбы?Билесизби,ошол Барсбекти да Манастын прототиби дегендер чыккан.Албетте,мен буга кошулгум келбейт(эми бул өзүнчө маселе).Манас дагы да изилденип бүтө элек.Кытай булактарын казса дагы көп нерселер чыкса керек...Анын чыгарма катары гана изилденип калышына көөп себептер болгон.1952-жылы өткөн конференциянын материалдарын,"Мажму атут таворихти" окууну сунуштайм.
-3
Ajar-2
2018-01-13 02:34:31
vavilon.,эгер кыргыз болсоңуз,өзүңүздү,элиңиздин мурасын,ата-бабалардын баскан жолун,сөзүн сыйлаңыз.А эгер кыргыз эмес болсоңуз,(мага ушундай сезилип жатат,душманындай сүйлөп жатасыз)мен сизден талап кылам,былжырак сөзүңүздү токтотуңуз.Кечирим сурасаңыз да жарашат.Кыргыздар сиздин "акылыңызга" муктаж эмес.Алар сизден сурабайт,Манастын ким экенин. Манас алардын көкүрөгүндө,көөдөнүндө жашайт,аны кыргыз гана билет,сезет,туят.
0
Ajar-2
2018-01-13 02:50:03
vavilon.,исламдык билимге абдан сугарылган экенсиз,молдокелерден жакшы сабак алган окшойсуз.Алардын Манас дегенде "жүрөктөрү түшүп турат".Динден кабарыңыз болгону жакшы,бирок кыргыз экениңиз чын болсо,кыргызга,Манаска карата абайлап сүйлөңүз,башкаларга баш ургандын ордуна(кимдерге экенин түшүндүңүз да,ээ).
-6
vavilon.
2018-01-13 09:43:41
Ajar-2, Төө десе бээ дебечи нары. Мен Исламга да берилген адам эмесмин аша чаап фанатик болуп. Мен изилдеп окуйм ар тараптуу анан жыйынтык чыгарам. Силерге окшоп адабият мн тарыхты чаташтырбайм. Эгер Манасынар жашаган болсо тарых китептерге киргизилип, коймок Атилла, Чынгызхан Македонскийлерге окшоп.
+4
Ajar-2
2018-01-13 17:22:58
vavilon.,"Манасыңар" дегендин өзүндө эле эмне деген маани турат.Кыргыз баласы минтип айтпайт,айтмак эмес.Кыргыз ушинтип айтса,"Жоломан болуп калыптырсың" демекмин.
-5
Ajar-2
2018-01-13 17:39:47
Манас күмбөзү изилденип,анда 14-к.жашаган аялдын сөөгү бар экени да маалым.А Манастын сөөгү атайын эле жашыруун коюлган деп айтылат,балким,күмбөз чындап эле Манаска арналгандыр,жөн жерден эле Манастын күмбөзү деп аталбайт эле да.Айтайын дегеним,Американы ачкансып Манаска тикеңизден тик туруп каршы чыгып алыптырсыз,Манастын ички душманындай болуп.Дагы терең "изилдеп" көрүңүз,балким,оюңуз өзгөрөт...
-5
Ayida
2018-01-12 21:41:40
Кой бул депутат зима не будет дегендерденго.Кой антип президенттин башын айландырба. Манас болгону баатыр бир адам. Аллах колдойт адамды.Тенирчилер куйгузду эл башына барбагыла бийлике силер адамдарга тескери жолду корсотуп.Сооронбай Шарипович сиздин апаныз намаз окуган такыба аял болгон атаныз да жакшы адам болгон сиз арбак колдо дебениз айта беришет бул тенирчилер ордочулар.Намазынызды окуп Аллахтан жардам сурап таза жакшы иштеп эле сооп ишти коп кылып журсонуз эле Аллах озу колдойт сизди
+20
vavilon.
2018-01-12 21:57:21
Манастын арбагы эгер колдосо, а эмнеге Курманбектин арбагы, Барсбектин арбагы, Тайлак баатыр арбагы, Бишкек баатыр арбагы колдосун дебейсинер. Алар деле баатырго, же Манас озгочо кучко ээби? Анда эмне озу олуп калды, олбой журо берсе болбойт беле?
+16
Saidochka
2018-01-12 22:48:29
Баары жокту жыргатып коюп ,Эми ушул эле калдыбы?Тойгозду ушу популисттер!
+5
wwwbaxa
2018-01-12 23:41:58
"Атың чыкпаса жер өрттө"-атаңгөөрү...
+2
eddi.kg
2018-01-13 00:12:27
Таласта Манастын кумбозу эле турат,угушума караганда Манастын соогу Алтайда дейт.
+5
bond02
2018-01-13 00:48:00
Анда президент болгондон кийин деле ошол жакта иштешсин кумбоздо, ак уйго келбей.
-2
arena2014
2018-01-13 07:12:56
Дааратын алып куранды кармап ант берсин и всё!!!
+8
muslim87
2018-01-13 09:29:11
Манас ордодо ант берсин деген бир сантрак кеп. жүрөгүндө элим жерим деген инсан болсо эчжерде ант бербесе деле эл үчүн кызмат кылат. Жүрөгүндө башка нерсе болсо ал Манас ордодо эмес Манастын алдында ант берсе деле кыла турганын кыла берет. Ушул убака чейин арбак колдосун арбак урсун деп келдиңер болду эми көзүңөрдү ачкыла, Кудайды тааныгыла кайсыл жерде ант бергени маанилүү эмес негизи Кудайдын алдында ант берип жатканыңарды унутпагыла.
+9
Kattaldym
2018-01-13 10:52:17
Бред сивой кобылы...
-1
warrior96
2018-01-13 13:50:52
Кыргыз элин ойлогон кыргыз деп журогу соккон .Адам ажо болсо антпей эле иштемек .Бирок андай адам качан эл башы болот БилбеЙм.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан