Кардарлардан тыйын алуудан баш тарткан эки супермаркетке жана кафеге айып салынды. Бул тууралуу бүгүн, 12-январда Улуттук банктан билдиришти.
Маалыматка караганда, Бишкектеги "Globus" жана "Фрунзе" супермаркеттери жана "Фаиза" кафеси эч себепсиз кардарлардан 10 жана 50 тыйындарды алуудан баш тарткан. Ал үчүн 500 сомдон 3 миң сомго чейин айып салынган.
Айта кетсек, Улуттук банк жөнүндө мыйзамга ылайык, сом өлкө аймагындагы мыйзамдуу төлөм каражаты болуп саналат. Чыккан жылына жана номиналына карабай кабыл алынууга тийиш. Эгер тыйын алуудан баш тарткан учурда Улуттук банкка кайрылса болот.