2017-жылы жалпыга маалымдоо каражаттарына жана аларга оюн билдирген жарандык коомдун өкүлдөрүнө карата коюлган доонун өлчөмү 52 миллион сомго жеткен. Бул тууралуу 12-январда сөз эркиндиги боюнча Бишкекте өткөн жыйында айтылды. Жыйынга коомдук ишмерлер, бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрү, укук коргоочулар катышты.
Журналист Нарын Айып былтыр сот "Заноза.кг" сайтынын башкы редактору Дина Маслованы, өзүн жана экс-депутат Чолпон Жакупованы экс-президент Алмазбек Атамбаевге 30 миллион сом компенсация төлөп берүүгө милдеттендиргенин айтып, бирок ал акчаны төлөп берүүгө шарттары жок экенин белгиледи. "ЖМКларга, ага пикирин билдирген айрым жарандарга коюлган доонун жалпы өлчөмү былтыр 52 миллион сомго жетти. Мага, Жакуповага жана Масловага коюлган доонун өзү эле 30 миллион сом болуп жатат. Азыр аны төлөп бере албайбыз, шарт жок", - деди Нарын Айып.
Мыйзамга ылайык, эгер айыпталуучулар белгиленген убакытта экс-президентке компенсацияны толук төлөп бербесе аларга карата кылмыш иши козголуп, 1 жылдан 2 жылга чейин эркинен ажыратылышы мүмкүн.