Бүгүн Боинг кырсыгынан каза болгондорго арналган эстеликтин ачылышы болот

Бүгүн, 13-январда Чүй облусунун Курулуш башкармалыгынын дачаларында учак кырсыгынан каза болгондорго тургузулган эстеликтин ачылышы болот. Ага өкмөт өкүлдөрү, кырсыктан каза болгондордун жакындары жана жергиликтүү тургундар катышат.

Эстелик жабыр тарткандардын өздөрүнүн эсебинен Дача-СУ айылынын күн батыш тарабына тургузулууда. Эстелик мрамор таштан жасалып ортосунда учактын канаты кулап келе жаткан элес түшүрүлсө, анын эки жагына каза болгон 39 адамдын аты-жөнү жазылган. Ал эми анын айланасы темир тор менен курчалып, кечинде жарык берип туруу үчүн айланасына атайын чырактар орнотулган.

Эске салсак, Боинг-747 учагы 2017-жылдын 16-январында Чүй облусунун Курулуш башкармалыгынын дачалары (Дача-СУ) аймагына кулап, 39 адам каза болгон.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
madrid7000
2018-01-13 13:21:20
Кыныр иш кырк жылда билинет
+4
aitowa11
2018-01-13 13:39:20
Ушуну айтышпай койду элге жашырышып.
+3
madina.87
2018-01-13 16:17:52
Оздорунун каражатына дейби?!
а эмне бийлик курса болбойт беле улу эстеликти.
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан