Боинг кыйраган Дача-СУда эстелик ачылды (фото)

Бүгүн, 13-январда Чүй облусунун Курулуш башкармалыгынын дачаларында учак кырсыгынан каза болгондорго тургузулган эстеликтин ачылышы өттү. Ага өкмөт өкүлдөрү, кырсыктан каза болгондордун жакындары жана жергиликтүү тургундар катышты.

Иш-чарада президенттик аппараттын жетекчисинин биринчи орун басары Мухаммедкалый Абылгазиев сөз сүйлөдү. "Бир жыл мурун чоң жоготуу болгондо бүткүл кыргыз эли четте турбай колунан келген жардамын берип, каза болгондордун жакындарына өкмөттүк комиссиянын ишине жөлөк болуп берди. Чогултулган акчаларды өзүңөр бөлгүлө деп эл тарабынан түзүлгөн топко бердик. Эч ким нааразы болгон жок, керектүү жардамды ала алышты. Түрк компания да жардам берди. Дүйнөлүк практикада мындай кырдаалда компенсация берилиш керек", - деди Абылгазиев.

Каза болгондордун жакындары элге жана өкмөткө ыраазычылык билдиришти.

Эстелик жабыр тарткандардын өздөрүнүн эсебинен Дача-СУ айылынын күн батыш тарабына тургузулган. Эстелик мрамор таштан жасалып ортосунда учактын канаты кулап келе жаткан элес түшүрүлсө, анын эки жагына каза болгон 39 адамдын аты-жөнү жазылган. Ал эми анын айланасы темир тор менен курчалып, кечинде жарык берип туруу үчүн айланасына атайын чырактар орнотулган.

Эске салсак, Боинг-747 учагы 2017-жылдын 16-январында Чүй облусунун Курулуш башкармалыгынын дачалары (Дача-СУ) аймагына кулап, 39 адам каза болгон.

Дача-СУда эстелик ачылды (13.01.18)
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (20)
sirgak_92
2018-01-13 12:09:25
Бывшый шефтин кылганы да
+31
Too-tash
2018-01-13 12:10:44
Ошол эстеликтин ордуна Атамбаев менен Жээнбеков, Албек Ибраимов учоону байлап тургузуп коюш керек эле.....
+51
Juni1
2018-01-13 17:54:10
Too-tash,Эң туура комментарий,бул чындык! Эмне себептен жонокой жаран жаман иш кылса тез арада таап алышат, чиновниктер крупный кылмыш кылса коп жылдап кылмышкерди издеп таппай коюшат, муну таппадык, эми убакты келгенде тарых өзү аныктап алат күнөөлүүлөрдү деп сөзүн аяктап коюшат
+3
Milana.
2018-01-13 12:13:26
ушу эстеликке кеткен чыгымды азда болсо болуп берсенер болот эле калатда бир кун чан басып
+10
vavilon.
2018-01-13 12:24:44
Эстелик курулуусу туура эмес, бирок жуктун ээси табылган кундо да анда эмне айып? Ал атайын учакты кулаткан жок да. Мумкун ал учакта коптогон адамдардын товарлары болгондур. Куноо албетте учкучтарда жана ошол учак тиешелуу болгон компанияда. Билишимче ал компания акча которду, бирок анын баарын олгондордун жакындарына беришпеди жеп жутарлар.
+4
pyeon hwa
2018-01-13 12:33:09
Эстеликтин кереги жок жуктун ээси керек!!!!!!
+14
Shokoladka94
2018-01-13 12:41:40
Элди унутат деп ойлобогула, ошол жук арам, мыйзамсыз болгон учун кулады да. Ээси Бир жылдан бери ошону ойлонуп журуп, кыйла эле акылдан тайды корунот
+10
Muratmipa
2018-01-13 12:48:59
Элден канчалаган акча чогулду эле ошол акчаны да болуп берген жок окшойтко
+7
nejninka
2018-01-13 12:56:29
Эстеликти бийлик эмес жабыркаган адамдар оздорунун эсебинен тургузушуптур. Толук окуп анан коментарий жазсанар
+5
chikeusenov
2018-01-13 14:04:33
ушул окуя боюнча изилдоо жургузгон жоок бул нак эле шефтикиго болбосо дагы бирону суруп чыгып беш миллион штрафы менен каматат эле бизде качан эле прокуратура оз алдынча иштейт эле прокуратура жеп жутарларга коз каранды болбой озунчо иштесе суруп чыгат эле ошого да онукпойбуз да журналист прокурорлордун коз карандылыгын жойбосок онуго албайбызго
+5
Okna
2018-01-13 14:27:28
Бирнесеге тушунбоймда эмнеге ушуларды жок кылалбай калдык эмнеге булар кууп чыгалбадык Кыргыз элим ойлонойлучу саат сайын аркага кетип жатабыз баарыз озубузду ойлоп калдык эртен не болот? Кошну олколорду карагылачы кандай суктанардуу
+8
bakulya2015
2018-01-13 14:29:39
Чындыгында аянычтуу окуя. Караныздарчы энелерибиздин коз жаштарын. Кундорда ото берет экен да бир жыл отуп кетиптир. Эгер бир карапайым эл болгондо эчак камантмакта ким экен билинип калган ушул жерде тообо. Жанагы Текебаев деген аке болгондо ачыкка чыгып калса керек эле. Мейли кудай бар ушунча элдин коз жашын куноолулордун дарегине жеткирсе керек убагы менен.
+5
daniel87
2018-01-13 14:40:38
Текебаев ушул жукту изилдейм деп камакта отурат туугандар!акыйкат кайда?хан башы менен контрабанда менен Иш кылган адамды кандай атасак болот
+9
Gulnyr19
2018-01-13 15:36:25
Былтыр Атамбаев барбады эле эл кан жутуп турганда,быйыл Жээнбеков барып элге көңүл айтып койсо болмок жок дегенде. Эч нерсе жазасыз калбайт ким күнөөлүү болсо жооп берер күн сөзсүз келет бул дүйнөдө болбосо аркы дүйнөдө. Каза болгондордун жайлары жаннатта болсун.
+2
KGstan1981
2018-01-13 15:37:18
Президент,Пр.министр,ЖКтин спикери жана ОКМдин жетекчиси келип коюшса болмок.
+4
maks1980bishkek
2018-01-13 16:18:35
чоңдор баргандан уялышат окшойт.жүк ошолордун жүгү болсо керек.бир ашанвкы эмес.баарынын арты булганган ошон үчүн унчукпай жатышатда
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан