Дача-СУ: Кырсыкка күнөөлүүлөр дале аныктала элек (фоторепортаж)

2017-жылдын 16-январында таңкы саат 7:31 чамасында Боинг-747 учагы Чүй облусунун Курулуш башкармалыгынын дачалары (Дача-СУ) аймагына кулап, 35 жай тургун, 4 экипаж мүчөсү каза болгон. Бүгүн, 13-январда каза болгондордун элесине арналып алардын жакындарынын демилгеси менен курулган эстеликтин ачылышы болду. Эстелик мрамор таштан жасалып ортосунда учактын канаты кулап келе жаткан элес түшүрүлсө, анын эки жагына каза болгон 39 адамдын аты-жөнү жазылган.

Андан сырткары эстеликтин астына төмөнкү 8 саптан турган ыр жазылган:

"Күйгүзүп тоодой темирди,

Күйүткө салып жеримди.

Канаты сынган учагың,

Кайгыга салып элимди.

Түйшүккө чулгап ак таңды,

Түнөртүп түпсүз асманды.

Кыйноого салып муң-зары,

Кыргызга өчкүс так салды".

Президенттик аппараттын биринчи орун басары, кырсыктын кесепеттерин жоюу боюнча өкмөттүк комиссиянын төрагасы Мухаммедкалый Абылгазиев эстеликтин ачылышында сүйлөп жатып кырсыкка күнөөлүү тарап так аныктала электигин айтты.

"Кырсыкка күнөөлүү тарап так аныктала элек. Козголгон кылмыш иш жабыла элек, иликтөө иштери уланууда. Анын жыйынтыгында ким күнөөлүү экендиги так белгиленет. Бирок тергөөнүн алдын ала божомолу боюнча кырсыкка учкучтар күнөөлүү", - деди Абылгазиев.

Дача-СУда эстелик ачылды (13.01.18)
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (28)
Sagyn.91
2018-01-13 14:25:41
Эстелик тургузсак эле ата-эне, жакындары учун алардын орду толукталып, кокуроктогу мун, кайгы, куса жуулуп кетсе кана...Аттин.

Куноолуулор жазасын алуучу убакыт келип жетет.
Арадан бир жыл убакыт отсо да учактын эмнеден улам кулаганын изилдеше албай, жаап жашырып келуудо...
+16
dosym
2018-01-13 14:34:17
Пилот күнөөлүү эмеспи
+1
KGstan1981
2018-01-13 14:35:04
Бул кайгылуу окуяга бир жыл болуптур.Бул эстеликтин ачылышына президент жэ пр.министр жэ ЖКтин спикери келбептир.Уят бир чиновник олсо(жамандык калаган оюм жок) президент баш болуп катышат.Ал эми 38 карапайым эл олсо эч ким келбейт экен.
+19
karakulja
2018-01-13 14:46:11
Озуну учуп бараткан самелету кулаганда анан билинет.
+6
vavilon.
2018-01-13 14:46:35
Кудайдын буйругу менен болду ошол кырсык да. Ал жерде эч бир адамдын куноосу жок. Кудай буйрубаса мындай болбойт эле. Кырсыкты беруучу да кырсыкты алдын алуучу да бир гана Кудай. Товардын ээси же учкучтар эле эмне атайын учакты кулатты дейсинерби?
-5
muslim87
2018-01-13 15:15:18
vavilon., Албетте Кудайдын жазмышынан качып кутула албайбыз. Тагдырга ишенүүбүз зарыл, бирок адилеттүү болушубуз керек да. Бизде адилеттүүлүк жок болуп жатпайбы. Жада калса элден чогултулган акча да адилеттүү бөлүнгөн жок. Бир жыл өтсөда учактын ээси табылбаганы эмнеси? Демек ээси жок каалаган самалёт коно берсе болот экенда ал кимдики, ичинде эмне бар, бомбабы же башкабы боло берет экенда демек. Булар адилеттүү болушпай калп айтып жатышат. Эң сонун билишет жүктүн ээси ким экенин бирок айта алыш
+9
Adiletia
2018-01-14 06:33:34
vavilon каза бодгондордун арасында сен дагы бар болсоң сенин бир тууганың эмне деп жазаар эле
+1
almanbetperm
2018-01-13 14:49:01
Пилотго откоруп койушту да,
+6
vavilon.
2018-01-13 14:51:00
Озгондогу кочку астында калгандарга окшоп эле, бул да Кудай тарабынан кыргыз элине берилген кырсык же сыноо. Куноолулорду Кудай жазаласын дейсинер. Кудай озу кырсыкты берип жатса кимди жазаламак?
-10
temirov76
2018-01-13 19:17:24
vavilon.,айтканың туура го бирок жүк кимдики,көпчүлүккө ошол кызык болуп жатбайбы.
+2
vavilon.
2018-01-13 20:25:08
temirov76, Кимдики болмок бироонуку да. Мумкун коптогон адамдардын жугу болгондур. Анын ичинде Туркияга кетчуу жуктор да болгон. Жуктун ээси табылганда эмне пайда алар атайын кулатпагандан кийин. Учакучтарга жана ошол учака ишенип жугун жуктогонда алар да. Ал эми учак тиешелуу болгон компания компенсация толоду. Эми ким эмнеге жооп бермек? Мындай ойлонуп коргулочу. Жуктун ээси табылса эле эмне озгормок.
-3
muslim87
2018-01-14 00:16:55
vavilon., сиз айткан компенсацияны да адилеттүү төлөбөй жатпайбы. Учакты камсыздандырган компания учак үчүн 36 милион доллар төлөп бериптир а алвр 45 адамдын өмүрүнө 600 миң доллар эле төлөп жатпайбы. Элестетсеңиз темирдин наркы 45 адамдын өмүрүнөн канча эсе кымбат болуп жатканын. Дүйнөлүк практикада самалеттон өлгөн адамга 50 милион төлөп берет экен.
0
vavilon.
2018-01-14 00:24:19
muslim87, Анда эмне учак тиешелуу болгон компанияга доо койбой, кайра кайра эле жуктун ээси ким дейсинер. Жуктун ээси ошол учакка акча толоп жугун жуктоду, анан ал кайдан билсин анын кулап кетишин. Жуктун ээлери эмне учун жооп бермек. Мисалы самалёт оордуна бир фураны коюп коргуло. Фурага бироо жук жуктоп жеткирип беруусун сурады, фура жолдо адам уруп кетсе жуктун ээси куноолубу же фуранын техникалык абалы же айдоочубу?
-1
muslim87
2018-01-14 17:19:02
vavilon., ошол доону кыргыздын башында турган атка минерлер койуу керек жана өндүрүп берүү керекда. Биз ошону талап кылып жатабыз. Жүктүн ээсине элдин кызыкканы ал мамилекетке салык төлөбөй аткезчилик менен келген жүк болуп жатпайбы. Ошол жүктө сиздинда үлүшүңүз жок беле анчалык чырылдадыз.
+1
vavilon.
2018-01-13 14:55:17
Кудай таала ал кырсыктын болоорун алдын ала билген, жана ошону тагдырга буюруп жазып койгон. Андан эч ким качып кутула албайт.
-2
Azatbek83
2018-01-13 15:31:20
Жуктун ээси табылбай жатат дейсинер !Табам деген адамды камап салдынар!Билебиз ким экенин ал арабызда журот!!!!
+12
Totyua.71.
2018-01-14 07:19:12
Azatbek83,Калайык билип эле турат,бирок колубуздан келбей калды,колунан келет дегендер камакта!
+1
mederkg
2018-01-13 15:33:42
Пилотко шылтоолоп ишти жаап койушат экен да эми.жүктүн эси азыр эстеп адамдарга эмес айфондоруна ичи ачышып ичип жатса керек үйүндө
+11
barakcha
2018-01-13 19:06:35
mederkg,гитарасын кучактап алып...
+7
Gulnyr19
2018-01-13 15:41:48
Тиги эки аман калган балдарды көрүп көздөн жаш мөлт мөлт агат. Көздөрүндө өксүк,ата-энеге болгон кусалык.
+3
Aikoo2014
2018-01-13 16:32:03
Ой бооой, куноолуу ким экенин аныктай элек. Куноолуу ким экени аттын кашкасындай эле корунуп туратго. Ошол бейбачара адамдарды алдасанарда Жаратканды алдай албайсынарго.
+7
Nurbollot
2018-01-13 17:48:27
Текебаев айткандай бул учак 52 жолу мыйзамсыз жүк алып келген ошону дагы деле табыша элек Текебаев табат эле бул убакытка чейин. Элда кайдыгер болуп калды ошол үчүн жапты жапты болуп кетти эч ким кызыккан жок.эстелик менен алдап кетти
+12
Medina87
2018-01-13 19:16:08
АША кетти ( Бирок, жакында келет КСДПнын курултайына). Ал эми "Клону Жээнбеков" неге келбеди?? Же, маркумдардын туугандарынын жеке акчаларына тургузулган эстелик намаз окутан сайын эсине тушуп уялды бекен?? Маркумдардын жакындарына сабыр тилейм!!!
+1
Nurik1988
2018-01-13 21:06:25
Бир кун келип жооп бересинер соотунарда ашанда сокенда шашпагыла!!! Жегендин кусмайы бар демекчи ал кун да келет
+3
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан