Сокулук районунда 56 жаштагы аял изделүүдө

Сокулук районунда 56 жаштагы аял өткөн жылдан бери изделүүдө. Бул тууралуу бүгүн, 14-январда SUPER.KG порталына Сокулук РИИБинен билдиришти.

Маалыматка караганда, Бактыгүл Акматалиева 2017-жылдын 26-декабрь күнү Чүй облусунун Новопавловка айылында үйдөн чыгып кеткен боюнча кайтып келген эмес.

"Бою 160-165 сантиметр, арыкчырай, чачы ак баскан, кашы кара. Ошол күнү боз күрмө, кара шым, көк өтүк кийип жүргөн. Эгер ал тууралуу маалыматка ээ болсоңуздар, 0 (558) 86-14-86, 0 (707) 43-41-70 номурларына чалсаңыздар болот", - деп билдиришти Сокулук РИИБинен.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан