Кыргыз Эл артисти, комузчу жана аткаруучу Фахридин Баяков узак убакытка созулган оорудан улам көз жумду. Бул тууралуу бүгүн, 13-январда SUPER.KG порталына Кыргыз Республикасынын Эл артисти Гүлшайыр Садыбакасова билдирди.
"Фахридин Баяков кант диабети менен ооруп, дарыланып жүргөн. Кечээ, 12-январда ооруканада өзүнө келе албай каза болуптур. Бүгүн Баяковду алыс-жакындан тааныган адамдар болуп аны акыркы сапарга узаттык. Маркумдун сөөгү Ош шаарында жерге берилди", - дейт Садыбакасова.
Белгилүү комузчу жана аткаруучу, профессор Фахридин Баяков 1949-жылы 11-февралда Тажик Республикасынын Жерге-Тал районуна караштуу Дувана айылында төрөлгөн.
1969-жылы Баткен облусунун Кадамжай районундагы Жданов орто мектебин бүтүргөн. 1979-жылы Бүбүсара Бейшеналиева атындагы Искусство институтунун хорго дирижёрлоо бөлүмүн аяктап, 1973-жылдан бери Ош мамлекеттик университетинде жана Рыспай Абдыкадыров атындагы филармонияда эмгектенип келген.
SUPER.KG порталынын эмгек жамааты кыргыздын атактуу комузчусу Фахридин Баяковдун көз жумганына байланыштуу үй-бүлөсүнүн жана жакындарынын аза кайгысын тең бөлүшүп, терең кайгыруу менен көңүл айтат.