Жеке ишкер Табылды Эгембердиевдин көзү тирүү болгондо 67 жашка чыкмак. Ал 1951-жылы Нарын облусуна караштуу Жумгал районундагы Жумгал айылында туулган.
1972-жылы Фрунзе политехникалык институтунун курулуш факультетин аяктаган.
1992-жылы "Шоро" жабык акционердик коомун негиздеген жана алкоголсуз ичимдиктерди өндүрүү ишин жайылткан.
2011-жылы Бишкектин чет жагында "Супара" этнографиялык комплексин түзгөн.
2011-жылдан тартып Ордо федерациясынын президенти болуп иштеген. Базар экономикасынын шарттарындагы жемиштүү эмгеги үчүн "Даңк" медалына ээ болгон.
Табылды Эгембердиев 2015-жылы 16-майда узакка созулган оорудан улам көз жумган. Ишкерди жерге берүү зыйнаты "Супара" этно-комплексинде 19-май күнү болуп өткөн.
14-январга болгон жылнаама.