Бишкек-Ош унаа жолундагы жүк ташуучу унааларга киргизилген чектөө алынды. Бул тууралуу бүгүн, 14-январда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, кечээ, 13-январда саат 17:00дөн баштап "Сосновка" постунда жүк ташуучу унааларга убактылуу киргизилген чектөө бүгүн, 14-январда саат 9:30да алынган. Учурда жүк ташыган унаалар 500 метр аралык менен өткөзүлүп жатат.
Айта кетсек, аталган чектөө Бишкек-Ош унаа жолунун 401-чакырымына саат 18:20 чамасында болжол менен 250 метр куб таш көчкү түшкөндүгүнө байланыштуу жабылган болчу.
Ошондой эле басма сөз кызматынын өлкөнүн башка аймактарына кеткен унаа жолдор да толук ачык экенин билдиришти.