Шал оорусуна чалдыгып, баспай калган Мээргүл эки баласын жалгыз багууда. Жолдошу башка аялга кетип калган

Ош облусунун 31 жаштагы тургуну Мээргүл Дөөлөтбаева 2 жашында полиомиелит (шал оорусу) дартына чалдыгып, баспай калган. Ал 20 жашында турмушка чыгып, 2 уул төрөгөндөн кийин жолдошу менен ажырашып кеткенин айтып, турмуштун катаал сыноолорун башынан өткөрүп келе жатканы тууралуу SUPER.KG порталына бүгүн, 14-январда айтып берди.

"Тагдыр экен, 2 жашымдан бери майыптар арабасында отурам. Бирок ошентсе да эл катары мектепке бардым. Апам мугалим болгондуктан сүйрөп жүрүп окутту. Мектепти бүтүп, 20 жашымда сүйлөшүп жүргөн жигитиме турмушка чыктым. Ал менден 7 жаш улуу эле. 2008-жылы уулдуу болуп, жолдошум экөөбүз бактылуу күндөрдү бирге өткөрүп жаттык.

Экинчи уулум төрөлүп, ал 1 жашка чыкканда жолдошум менен мыйзамдуу түрдө ажырашып кеттик. Буга күйөөмдүн акыркы учурда айлап үйгө келбей калганы себеп болду. Ал үйгө келгенде телефонун өчүрүп койчу. Кээде башка аялдын атын атап, менин номериме адашып чалып алчу. Башында түшүнүү менен карап, бир жыл күтүп жүрдүм. Бирок ар кандай жүрөк ооруткан сөздөрдү айтып, көңүлүмдү калтырды. Ошол учурда анын башка аялы бар экенин мага тааныштарым айтып келишти. Карызы көп болчу, көрсө чыдабай бирөөнүн үстүнө кирип жашап алыптыр. Ошондон кийин турмушка чыгуудан көңүлүм калды. Азыр максатым эки балама татыктуу тарбия берүү.

Учурда айына 3 миң сом пенсия, балдарга 1600 сом жөлөк пул алам. Батирге айына 5 миң сом төлөйм. Жолдошум каржы жактан жардам бербейт, алимент да төлөбөйт. Улуу балам 3-класста окуйт, кийинкиси 5 жашта. Ал бала бакчага барат. Мен үйдө эле, төрт дубалга камалып отурам. Көчөгө майыптар арабасы менен чыгуудан кыйналам. Азык-түлүктү базардан апам менен улуу балам алып келишет", - деди жалгыз бой эне.

Каарманыбыздын айтымында, ал ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарга колдоо көрсөтүү үчүн ачылган коомго мүчө катары кирип алган. Ал жакта ар кандай ыр сынактарга катышып, алдыңкы орундарды ээлеген. "Кээде эргүү келгенде ыр саптарын токуп, кагаз бетине түшүрүп коём", - дейт Дөөлөтбаева.

2 буту баспаган Мээргүл 2 баласы менен жалгыз жашайт
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (13)
taalay25
2018-01-14 19:30:56
Оз жашынан жаш корунот го
+11
NeRiNa
2018-01-14 19:56:28
Кудайым озу сизди колдосун, аябай кучтуу айым экенсиз. Бар болунуз, бактылуу болунуз. Ушундай кучтуу, сулуу жаш айым болуп журо бериниз. Сизге чынында баа бердим...эч качан чокпонуз.
+21
FIFA7
2018-01-14 20:22:02
Тееке кызго. 31 жаш эмес 21 жаштагы текелердей экен).
-20
Shokoladka94
2018-01-14 20:22:43
Аллах колдосун!
+9
maks94.kb
2018-01-14 20:28:09
Уулдарыныздын бактысына аман болунуз
+13
k.anara
2018-01-14 20:37:00
Дагы жакшы энелик бакытка ээ болуп,балалуу болуп алыптырсыз.Ошол балдарыныз сизди кийин алаканына салып багып алгыдай акыл-эстуу болуп чонойсун!
+24
kechirmeni
2018-01-14 21:48:12
Музыканы таштап намазды баштаңыз. Аллахым жардам берсин
+6
gumigumi1990
2018-01-14 22:45:41
kechirmeni,ал ошол музыка менен акча таап балдарын багып жатат. Намаз окуп уйдо олтурганда аны бироо бакмак беле.
-9
Ayida
2018-01-14 22:52:43
Намаз окунуз!Аллах озу жардам берет!Адамдар 21 жаштагы теке кыздардай корунот экен деп жатат. Узун кийиниз чынында. Балдарыныз бар экен суйунуп жашаныз Аллахга шугур айтып ибаадат кылып!
+10
Sofy
2018-01-14 22:57:37
Айыгып кетиниз! Эки аял алып жардам берели деген эркектер, ушундай кыз келиндерди экинчи аял кылып алып, жардам бербейсинерби? Кана ажыкенер?
+21
asanaliev.s
2018-01-14 23:01:04
Аллах сабыр куч кубат берсин сизге.Бир кем дуйно екен Аллага шугур чырактай уулдарыныз бар екен. Балдарыныз ыймандуу ден соолугу чын болсун чонойгондо сизди карайт багат.
+6
omka100514
2018-01-15 09:08:49
Мен бул эжени сыртынан тааныйм, юго-востокто жашайт, сулуу эже, балдарын да аябай тыкан, таза кылып карайт, айрым дени соо адамдардан жакгы карайт балдарын. Анан вязка менен да алектенет, аябай жакшы токуйт заказ берсениз базардагыдан сонун кылып токуп берет;). Майыпмын деп чогуп отуруп калбайт, озуно аябай жакшы карап журот, эми эки баласы менен уйлуу болуп калышса жакшы болмок, кв.плат толоп жашабай
+5
evra_kg
2018-01-15 10:31:10
Айдай сулуу кыз экен
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан