"Ош" эл аралык аэропорту тумандан кийин кайрадан ишин улантууда. Бул тууралуу бүгүн, 15-январда "Манас" эл аралык аэропортунан SUPER.KG порталына кабарлашты.
Маалыматта айтылгандай, бүгүн эртең менен туманга байланыштуу ички жана эл аралык каттамдар кармалган. Москва жана Иркутсктан келген учактар Бишкектеги кошумча аэродромго жөнөтүлгөн.
"Мындан тышкары Ош-Бишкек 2 каттамы жана Орусиянын Раменское шаарына 1 каттам кармалып жаткан. Учурда "Ош" аэропорту кайрадан ишин улантып, кармалган каттамдар учуп жатышат", - дейт "Манас" эл аралык аэропортунун маалымат кызматы.