Бишкек-Ош унаа жолунда кар көчкүлөрдү атайылап атып түшүрүү иштери жүргүзүлөт

Өкмөт башчынын буйругунун негизинде Бишкек-Ош унаа жолунун 132-137 жана 198-255-чакырымдарында артиллериялык курал колдонуу менен 16-январдан 22-январга чейин кар көчкүлөрдү мажбурлап түшүрүү иш-чаралары жүргүзүлөт. Бул тууралуу бүгүн, 15-январда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

"Кар көчкүнү атайылап атып түшүрүү үчүн Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Генералдык штабынын артиллериялык бөлүгү тартылат. Кар көчкү түшүрүлгөн аймактар убактылуу жабылып, иш-чараны ӨКМнын ыкчам тобу жетектеп унаа жолдор толугу менен жабылбайт. Өлкөнүн транспорт жана жолдор министрлиги мажбурлап түшүрүлгөн жолду убагында тазалоону камсыз кылат. Өлкөнүн Ички иштер министрлиги кар көчкү түшүрүлгөн мезгилде жолдогу унаа кыймылын коопсуз аралыкта сактап коомдук тартипти көзөмөлдөп турат. Саламаттыкты сактоо министрлиги артиллериялык расчёттук иш-чаранын аякташына чейин тиешелүү медицина кызматкери коштоп жүрөт", - деп билдирет ӨКМнын маалымат кызматы.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан