Бейтаптарды колдоо уюму: "Өнөкөт бөйрөк ооруларына кабылгандарга гемодиализ алганга караганда органын алмаштырганы оң"

Өнөкөт бөйрөк ооруларынан жабыр тарткан бейтаптарга гемодиализ алганга караганда органды трансплантациялоо жеңил. Бул тууралуу бүгүн, 15-январда өткөн маалымат жыйында "Жашоо үчүн үмүт" бейтаптарды колдоо уюмунун мүчөсү Чыңгыз Чилдебаев билдирди.

Анын айтымында, азыркы тапта Кыргыз жергесинде өнөкөт бөйрөк ооруларынан жабыр тартып, гемодиализ алган жарандардын саны күн санап өсүүдө. Буга карабай гемодиализ аппараттарынын саны аз. Өнөкөт бөйрөк ооруларына кабылган жарандар гемодиализ алганы менен, дени сак адамдардай жашай албайт, сактай турган эрежелер көп.

"Өнөкөт бөйрөк ооруларына кабылган адам жумасына эки жолу гемодиализ алып кезекте тургандан көрө, донор табылса бөйрөгүн трансплантациялаганы оң. Анткени гемодиализге кеткен акчаны трансплантациялоого жумшаса ал оорудан айыгып, ден соолугу чың адамдай жашашы мүмкүн", - деп билдирди Чилдебаев.

Ошондой эле ал учурда бейтаптар мындай операцияларды чет жерде өтө кымбат жасатып жатканын белгиледи.

"Чет жерде операцияны орто эсеп менен 25 миң долларга жасатышат. Ал эми ушул эле операция Кыргыз өлкөсүндө жасалса баасы орто эсеп менен 5 миң долларды түзөт. Өлкөдө тийиштүү шарттар түзүлсө жана дарыгерлер атайын чет өлкөдөн билим алып келишсе бейтаптарга органдарды трансплантациялоо жеткиликтүү болуп, гемодиализге муктаж адамдардын саны азаймак", - деди ал.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
Bazake
2018-01-15 14:38:54
Бул маселе бышып жетилди. Тез арада колго алыш керек.
+2
ludimira
2018-01-15 14:58:54
Айланайын донор ким болот...ошончо адамга
+5
Shef87
2018-01-15 18:25:35
Донор кочодон алсыздарды жаш балдарды урдап акчалууларга сатышат да ар ким оз омурун жашаса жакшы
-1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан