Депутат: “ЕАЭБ аймагына киргизүүгө тыюу салынган Кытайдын өрдөктөрүнүн эти биздин базарларда сатылып жатат”

“ЕАЭБ аймагына киргизүүгө тыюу салынган Кытайдын өрдөктөрүнүн эти биздин базарларда сатылып жатат”, - деп бүгүн, 15-январда Жогорку Кеңештин комитетинин жыйынында КСДП фракциясынан депутат Мурадыл Мадеминов билдирди.

Ал бул боюнча көзөмөлгө алынбай жатканына нааразы болду.

“ЕАЭБ өлкөлөрүндө Кытайдан өрдөк этин киргизүүгө тыюу салынган. Биздин өлкөнүн базарларында дагы деле сатылып жатат. Кайсы мекеме көзөмөлгө алышы керек? Санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө департаменти, Ветеринардык жана фитосанитардык мамлекеттик инспекциясы, Мамлекеттик чек ара кызматы бул боюнча көзөмөлгө алуусу зарыл”, - деди ал.

Саламаттыкты сактоо министрлигине караштуу Оорулардын алын алуу жана экспертиза департаментинин директору Төлө Исаковдун айтымында, жаӊыдан иштелип чыккан мыйзам долбоорунда тамак-аш жана азык-түлүк коопсуздугу боюнча маселелер топтоштурулган.

Жыйынтыгында тамак-аш коопсуздугун камсыз кылуу жөнүндө мыйзам долбоору артка кайтарылды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
Ayida
2018-01-15 14:12:04
Алгылада толуп кетти.Даары мн семиртип бизге киргизип атышат
0
jbolotov
2018-01-15 15:53:43
Кытайдан ондурулгон продукциялар Россияга караганда баасы арзан, бир эле товардын 1 сомдугунда 1000 сомдугунда табасын. Жасалма жол менен уюшулган ЕАЭБ копко жашабайтко, анын устуно Россия товарларыда химиядан калышбайт, илгеерки ССР убагындай эмес.
0
KAYRATBEK
2018-01-15 17:17:11
Туугандар кытайдан келген кандай гана эт болбосун эттердин баары АРАМ!!!! Бисимилла деп айтылбай союлган эттин баары АРАМ. Мусулман эместер сойгон эттин баары АРАМ.
+2
KAYRATBEK
2018-01-15 17:20:12
Россияда жургондор эт алаарда ото ото абайлагыла. Уйдун койдун тооктун эттери баары эле адал эмес. Алланын аты Биссимилла айтылбай союлган баардык жандык арам болот.
+1
dina
2018-01-15 23:29:10
Оордоктун тошун мен таппадым магаззиндерден. Депутат кайсы базардан корду?
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан