Кыргыз Республикасынан Казакстан аркылуу темир жол менен Евразия экономикалык биримдигине кирген башка өлкөлөргө товарларды ташуунун тарифи арзандады. Бул тууралуу Евразия экономикалык комиссиясынын расмий сайтында жазылат.
Маалыматка караганда, Евразия экономикалык биримдигинин соту темир жол аркылуу товарларды ташуунун тарифи ЕАЭБдин өлкөлөрүндө бирдей тарифте болсун деген чечим чыгарган. Буга чейин Кыргыз Республикасынан Казакстан аркылуу темир жол менен Евразия экономикалык биримдигинин башка өлкөлөрүнө товарларды ташуу жогорку транзиттик тарифтер жүрүп келген.