“Бишкек жылуулук тармагы” ишканасынын эскирген жылытуу системин алмаштырууга 200 миллион доллар керек. Бул тууралуу бүгүн, 15-январда Жогорку Кеңештин комитетинин жыйынында аталган ишкананын директорунун орун басары Уран Раимбердиев билдирди.
"Азыркы учурда "Бишкек жылуулук тармагынын" эскирген жылытуу системинин 70 пайызы алмаштырууга муктаж. Аларды алмаштыруу үчүн 200 миллион доллар көлөмүндө каражат табуу керек. Ошондуктан Дүйнөлүк банктан каражат тартылууда", - деди Уран Раимбердиев.
Комитет Кыргыз Республикасы менен Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы насостук станцияларды реконструкциялоо жана куруу долбоору боюнча насыялык макулдашууну ратификациялоо тууралуу мыйзам долбоорун жактырды.