Ошто 3-кабаттан секиргени жаткан аялды куткарып калган милиция: "Ыңгайлуу учурду жарым саат күтүп отуруп, алаксып калганда тартып алдым "

2018-жылдын 12-январь күнү Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын Ак-Буура милиция бөлүмүнө Туран кичи шаарчасындагы көп кабаттуу үйлөрдүн биринде батир талашып урушуп жаткандар тууралуу маалымат келип түшкөн. Милиция кызматкерлери барганда батирдин ичиндеги 1966-жылы туулган аял балкондун терезесин ачып "3-кабаттан секирем" деп коркутууга өткөн. Ошол учурда Ак-Буура милиция бөлүмүнүн кызматкери Мамат Акматов формасын чечип, коңшусу катары батирге кирип, ыңгайлуу учурду жарым сааттан ашык убакыт күткөн.

"Биз барган учурда эки тарап батир талашып урушуп жатышкан экен. Биз үйдүн ээси башка экенин айтканыбызда, 1966-жылы туулган аял "чыкпайм, апамдын үйү" деп, балкондун терезесинен секирем деп коркута баштады. Ошол жерде кызы да бар болчу. Ал дагы "секирбе" десе да болбой, жанына эч кимди жолотпой жатты. Анан мен формамды чечип, коңшусу катары ошол жерде батирдин ичинде тургандардын катарына кошулдум. Ыңгайлуу учурду жарым сааттан ашык күттүм. Анан бир маалда жерди карап, алаксып калган учурда терезеден бери тартып, куткарып калдым.

Албетте, биздин иш аны терезеден секиртпей, аман алып калуу эле. Сыртта деле милиция кызматкерлери турушкан. Эгер кокус секирип кетсе, милиция жаманатты болуп калмак", - деди Акматов.

Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын маалыматына караганда, ал үй чынында 1966-жылы туулган аялдын апасыныкы болгон. Апасы инисине мураска калтырып кеткен. Ал эми иниси 10 жыл мурун учурда батирде жашап жаткандарга саткан.

Учурда жогорудагы факт кылмыш каттоо китепчесине "ээн баштык" боюнча катталып, кылмыш ишин козгоо маселеси каралууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (9)
Sagidko88
2018-01-15 16:35:23
Азаматсыз!
+9
Shokoladka94
2018-01-15 17:02:02
10 жыл мурда сатылган уйду талашып, секирем деп коркуткан 50 дон ашкан аял кандай адам болду экен?
+13
engel
2018-01-15 17:41:49
Shokoladka94, азыр адамдар уй, машина акча учун эмнеге гана барбайт. Биртуугандар бири бирин олтуруп деле жатпайбы. Азыр адамдар ушундай, заман ушундай. Милиция кызматкери молодец! Озунун жумушун жакшы коргон адам экен.
+11
Nurkyz1977
2018-01-15 18:24:05
Shokoladka94,иниси азыр жашап жаткандарга саткан деп жазылып туратко.
+2
amirrus
2018-01-15 17:56:29
милиция бизди коргойт кээде коргойт!!!
+4
MUHLISA
2018-01-15 17:57:01
Азаматтар!
+7
Nendi15
2018-01-15 19:56:16
Милиция жаман атты болуп калмак дейт да...эгер секирсе бир адамдын жаны кыйылмак же майып болуп калмак анын азабын канча адам тартмак апа деп балдары сыздамак да...
+4
Gulnur1980
2018-01-15 19:57:02
Инисинен сурабайбы десен? Жаны уй ээлерин секирем деп коркутпай!
+3
farida.kg.1991
2018-01-15 20:49:31
озуну бир корсотуптур тамаша корсотуп туф туф
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан