SUPER.KG порталынын "Суперстан" бөлүмүндө "Сени сүйгөн адам тынбай артыңдан чуркаса, анын сүйүүсүнө багынат белең же..." деген тема талкууга алынган. Анда автор төмөнкүдөй суроосун калтырган: "Сен сүйгөн эмес, сени сүйгөн адам менен бактылуу болосуң" деп коюшат го. Элестеткиле, сен аны сүйбөйсүң, бирок ал сени аябай жактырып калды. Тынбай эле артыңдан чуркап жатат. "Менин жигитим бар же сүйлөшкөн кызым бар" десеңер да болбойт. Сөгүп, урушсаңар да болбой жүгүрүп жатат. Анын сүйүүсүнө багынат белеңер же..."
Темадагы билдирүүлөрдөн:
"Cен сүйбөсөң да, сени сүйгөн адамды баалай билишиң керек. Анын да жүрөгү, көңүлү бар".
"Эгер жигит артымдан калбай чуркай берсе, андан көңүлүм кала баштайт. Ичимден "ушул адам анчалык тынчымды албаса барктуураак болот беле" деп ойлонуп коём".
"Жигиттер кызын сүйүп, ага камкордук, мээримдүүлүк менен мамиле жасаса, кантип сүйүүсүн кабыл алышпайт? Кыздар, жашоону, келечекти ар тараптуу көз караш менен карап көргүлө. Балким силер бактылуулуктун туу чокусуна силерди сүйгөн жигит менен чыгасыңар".
"Мен баарына бирдей жакшы мамиле кылам деп алардын сезимдерин ойготуп аламбы, айтор, билбейм. Ушундай абалга көп туш болом. Бирок алардын сүйүүсүнө багынбайм".
"Миң күйүп-сүйүп атса, акыл менен башкарыш керек. Өтө чуркап, ыйлап жалдыраштын кереги жок. Себеби бирөөнүн алсыздыгын көрүп бир гана бооруң ачышы мүмкүн, жүрөгүң эмес".
"Артымдан чуркаган жигиттерге катуу эле айтам. Жакшы сүйлөп, жылмайып үмүт бергендин кереги жок".
"Чыныгы эркек сүйүүсүн бир гана жолу билдирет. Мен бир макул болбодубу, экинчи жолу жалынбайм".
"Жигит кыздын артынан тынбай чуркаса, ал адам айтканынан кайтпаган, жетем дегенине жеткен адам. Мындайларды чыныгы эркек десе болот".
Талкууга кошулгуңуз келсе, бул жакка кириңиз.