"Ош облусуна караштуу Өзгөн районундагы Красный-Маяк айылында жайгашкан мал базарда шарттар каралган эмес" - деген билдирүүнү 10-январда "Элдик кабарга" окурман жиберген. Өзгөн районунун акиминин орун басары Бактыбек Алайчиев бул маалымат боюнча жооп берди.
"Бул маселе боюнча эч ким кайрылган эмес, ошондуктан менде базарда мындай абал орун алып жатканы тууралуу маалыматым жок. Бирок бул жерде экотехинспекция жана ветинспекция иш аткарышат. Базардын жери жеке ишкердин колунда. Биздин жоопкерчиликке ветеринардык жана экологиялык коопсуздукту кароо жана текшерүү кирет. Эгерде буга чейин бул маселе боюнча адамдар өздөрү кайрылганда, биз атайын комиссия түзүп, текшерүү иштерин жүргүзмөкпүз. Эми базарды кеңейтүү жолдорун карайбыз", - дейт Бактыбек Болбурович.
Айта кетсек, "Көпчүлүгү тыгында жыгылып, кийимдери булганат, мал тебелеп, сүзүп жаракат алып кеткендер да болот. Мал базардын ичине Портер унааларын киргизип койгон, жердин көбүн ошол унаалар ээлеп калат. Сатуучулар менен кардарлар тыгындан улам ала турган же сата турган малын жакшылап карап, байкап көрүүдө кыйналат. Базардын администрациясы ар бир кирип-чыккан Портерден 20 сомдон акча алат, акчасына эле кызыгып киргизе бергени менен, эл кыйналып жатат. Жылкы саткандардан 100 сом, бодо мал саткандардан 70 сом, кой, эчки саткандардан 30-50 сомдон алынат. Бирок шарт каралган эмес, тыгындан мал алып келген эмес, бош адам өтө албайт", - деген окурман.