Өкмөт "Акылдуу шаарды" ишке ашырууда адистерди даярдоо үчүн "Ака минералз энд майнинг" компаниясына 9 миллион доллар бериле турганын четке какты

"Акылдуу шаарды" ишке ашырууда адистерди даярдоо үчүн "Ака минералз энд майнинг" компаниясына 9 миллион доллар бериле турганын өкмөттөн четке кагышты. SUPER.KG порталына өкмөттөн билдиришкендей, аталган компания долбоорду ишке ашырууга акча каражатын берет, өзүнө албайт. "Адистерди үйрөтүүгө канча каражат бөлүнөрү чечиле элек, анткени долбоордук-сметалык документтер эми даярдалып жатат", - дешти өкмөттөн.

Айта кетсек, өкмөт менен "Huawei'дин" ортосунда тийиштүү келишимге 11-январда Бишкекте кол коюлган. Жол кырсыктарын, жалпы кылмыштуулукту азайтууну көздөгөн ири долбоорду ишке ашырууга 60 миллион доллар жумшалат. "Акылдуу шаар" - 2012-жылы убадаланып, ишке ашпай келе жаткан "Коопсуз шаар" долбоорунун жаӊы аталышы.

"Акылдуу шаардын" алкагында Бишкек жана Ош шаарларына, Бишкек-Ош, Бишкек-Чолпон-Ата трассаларына, Бишкек - "Манас" аэропорту жолуна видеокамералар орнотулат. Бул иштерге жумшалчу 60 миллион долларды Кыргыз тарап кытайлык компанияга 5 жыл ичинде, жол эрежесин бузуудан түшкөн акчанын эсебинен төлөп бермекчи. Долбоорду 1,5 жылда аягына чыгаруу күтүлүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
ziash85
2018-01-15 17:26:37
Мм десе .....
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан