"Олимпиадалык резерв мектебин оңдоп-түзөө үчүн 34 миллион сом керектелет" дейт Канат Аманкулов

Олимпиадалык резервдин балдар жана өспүрүмдөр адистештирилген мектебин оңдоп-түзөө үчүн 34 миллион сом керектелет. Бул тууралуу бүгүн, 15-январда Жогорку Кеңештин комитетинин жыйынында Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин директору Канат Аманкулов билдирди.

“Бул маселени былтыр көтөргөнбүз. Мектептин шарты начар, оңдоп-түзөөдөн өтүш керек. Буга 34 миллион сом керектелет. Жатакананы, ашкананы оңдоп, эмеректерди алуу зарыл”, - деди ал.

Буга чейин Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Тазабек Икрамов окуу жайдын абалы начар экенин айткан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Nurik1988
2018-01-15 17:58:36
34 миллион сомго жаны мектеп куруп койсо болот. Эй жеп жуттарлар
+2
Nurik1988
2018-01-15 17:58:58
Тойбостор
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан