Ош-Бишкек унаа жолунун такси кызматындагы мыйзамсыз эл ташыган айдоочулар текшерүүгө алынды

Ош-Бишкек унаа жолунун такси кызматкерлери мыйзамсыз эл ташып, жол кырсыгы көп катталууда. Бул тууралуу бүгүн, 15-январда Бишкек шаарынын жол коопсуздук кыймылын көзөмөлдөө кызматынын кызматкерлери билдирип, борбордун "Ош базарына" жакын көчөлөрдөгү мыйзамсыз Ош-Бишкек такси кызматы менен алектенген айдоочуларды текшерүүгө алды. Мунун негизги максаты акыркы учурда жол кырсыгынын көбөйүшүнүн себептерин алдын алуу.

Бишкек шаардык жол кыймылынын коопсуздугун көзөмөлдөө кызматынын кызматкери Жээнбек Большевиковдун айтымында, айдоочулар жакшы эс албай, кайрадан жолго чыккандыктан кырсыктардын саны өсүүдө.

"Акыркы убакта жеке менчик унаа менен эл ташып иштеген айдоочулар катышкан жол кырсыгы көбөйдү. Өлкө боюнча жол кырсыгынан каза болгондордун саны өскөндүктөн такси айдоочуларга түшүндүрүү иштерин жүргүзүп жатабыз. Учурда такси менен алектенгендер үчүн шаардын автобекетинен унааларга орун берилип, иштөө графигин киргизүү аракети көрүлүүдө. Жол коопсуздугун көзөмөлдөө үчүн атайын автомеханик жана нарколог коюлуп, такси кызматкерлерин текшерүүгө алып турат. Айдоочуну алыс сапардан келгенден кийин уктап эс алмайынча кайрадан алыс жолго чыгарбоо аракеттери көрүлөт", - дейт ал.

Жеңишбек Жаманкараев, ОсОО Тилеке айдоочулар коомунун жетекчиси:

"Эң биринчи жол кырсыктарынын пайда болуусу айдоочулардын уктап-уктабай алыс жолго чыгуусунан болууда. Ар бир айдоочу график менен каттап, жүргүнчүлөр да өздөрүнүн коопсуздугу үчүн график менен жүрсө жакшы болмок".

Бишкек-Кызыл-Кыя каттамынын айдоочусу Сейдакмат Искендеров:

"18 жылдан бери эл ташып иштеп, үй-бүлөмдү багып келем. Мыйзамдуу түрдө эл ташыган абдан ыңгайлуу, МАИ кызматкерлери тынчыңды албайт. Эч ким ары тур, бери тур дебейт. "Ош базарындагы" такси кызматы боюнча айта кетсем, ал жакта такси кызматы эмес, жолума май чыгара кетейин деген айдоочулар иштешет. Биз жаңы автобекетте ыңгайлуу график аркылуу иштейбиз. Айдоочулар ич ара мамилелерибиз жакшы".

Айдоочу мыйзамга ылайык административдик кодекстин негизинде 213-берененин 3-бөлүмү боюнча бардык талапка жооп бергенден кийин айдоочу эл ташууга уруксат ала алат.

"Ош базардагы" такси унаалары эвакуацияланды
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
toha
2018-01-15 21:39:31
он рульду машиналардыда жок кылса жакшы болмок
+4
HAKER-KG
2018-01-15 21:57:41
Туура мен колдойм баарын текшерип турса жакшы жана ишеничтуу болмок
+7
kai42444
2018-01-15 22:35:07
Ушул иш онун чыгыптырмага жакты ушул ишинир эми аягына чыгаргыла садаге кетейиндер
+1
jbolotov
2018-01-15 23:21:22
Молодец Больщевиков )) Мурда эле ЖККК башкармалыгы ушул иштерди колго алса жакшы болмок. Наркологго 100 сом берип кетеберетурган иштерге каршыда бирдеме ойлоп тапкыла. Катуу айдагандарга чара колдонулса жакшы болмок.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан