Бишкекте жеке жактарга мыйзамсыз өтүп кеткен 78 жер тилкеси муниципалдык менчикке кайтарылды

Бишкекте жеке жактарга мыйзамсыз өтүп кеткен 78 жер тилкеси муниципалдык менчикке кайтарылды. Бул тууралуу бүгүн, 15-январда шаар мэриясынын басма сөз кызматы тараткан маалыматта айтылат.

Маалыматка караганда, 2017-жылы Бишкек шаардык мэриясынын Жер пайдалануу жана курулуш башкармалыгы жеке жактарга мыйзамсыз өтүп кеткен жер тилкелерин муниципалдык менчикке кайра кайтарып алуу боюнча 94 доо арыз берген.

Соттук териштирүүлөрдөн соң 78 жер тилкеси Бишкек шаардык мэриясынын менчигине өткөн.

- Келечек конушунда, 34 жер тилкеси;

- Абдрахманов көчөсүндө, 26 жер тилкеси;

- Ак-Өргө конушунда, 13 жер тилкеси;

- Сухомлинов-Орджоникидзе көчөлөрүнүн кесилишинде, 4 жер тилкеси;

- 11-кичи районунда, 1,4 гектар аянтты ээлеген жер тилкеси.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан