Бүгүн, 15-январда президент Сооронбай Жээнбеков Боинг кырсыгынан каза болгондордун балдары жана туугандары менен жолукту. Бул тууралуу президенттик аппараттын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, мамлекет башчысы аларга көңүл айтып, бүгүнкү күнгө чейин ошол каргашалуу күнү каза болгондорду жоктоо кайгы-муңу басаңдай электигин белгиледи. "Ал күндөрү бүт өлкөбүз оор жоготууну баштан кечирип жатты. Терең кайгыруу менен дагы бир жолу сиздерге көңүл айтам", - деди президент.
Жолугушууда жабыркагандардын атынан сүйлөгөн Венера Шейшенова көңүл буруп, кайгысын тең бөлүшкөнү, берилген жардамы үчүн ыраазычылык билдирди. Муну менен бирге социалдык түйүндөрдө жана маалымат каражаттарында жабыркагандарга бөлүнгөн акча каражаттары жана гуманитардык жардам жөнүндө туура эмес маалымат таркатылган бир катар жагдайларды дагы белгиледи. Анын айтымында, жабыркагандар өздөрү бир да жолу нааразычылык айткан эмес.
"Жабыркагандар өкмөттүк комиссия менен биргеликте тыгыз иштешти. Биздин бир да маселебиз, көйгөйүбүз чечилбей калган учур болгон эмес. Бардык акча каражаттары, анын ичинде Кыргыз мамлекетинин кайдыгер эмес жарандары тарабынан чогултулган каражаттар биз каалагандай, биз айткан сунуштарды эске алуу менен бөлүнүп берилди", - деди Венера Шейшенова.
Президент менен болгон жолугушуунун соңунда балдар белекке планшет алышты.
Маалымат боюнча, ата-энесинен айрылган балдарга атайын улуттук жана чет өлкөлүк валюталык пайыздуу депозиттик эсептер ачылган. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинде ачылган атайын эсепке чогулган акча каражаттардан бөлүнгөн жана Түркия тараптан компенсация иретинде төлөнүүчү акча каражаттар балдар 18 жашка чыкканга чейин алардын атайын эсебинде сакталат.
Эске салсак, Боинг-747 учагы 2017-жылдын 16-январында Чүй облусунун Курулуш башкармалыгынын дачалары аймагына кулап, 39 адам каза болгон.