15-январда Жогорку Кеңештин төрагасы Дастанбек Жумабеков спорттогу өзгөчө жетишкендиктери үчүн спортчу Бусурманкул Абдибаит уулун энчилүү саат менен сыйлады. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, төрага ата мекендик спортчулар өзүнүн ийгиликтери менен өлкөнү таанытып жатканын белгилеген. Дастанбек Жумабеков алардын талыкпас эмгегинин арты менен өлкөнүн желеги дүйнөнүн ар кайсы бурчунда желбиреп жаткандыгын кошумчалап, спортчуга арбын ийгиликтерди каалаган.
Эске салсак, Бусурманкул Абдибаит уулу кулатуу эр таймаш боюнча (WEF) Дүйнө чемпиону, ошондой эле грепплинг боюнча дүйнөнүн жана Кыргыз өлкөсүнүн көп жолку чемпиону болуп эсептелет.